БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен окуу китептер басып чыгарылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бул окуу куралдары Бишкек, Ош шаарларындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарына берилген. Китептерди басып чыгаруу үчүн каражатты министрлик бөлүп бергени айтылат.
"Брайл шрифти менен жазылган окуу китептерди 7-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулар колдоно алат. Мындай шрифт менен алгебра сабагынын ар кайсы класстар үчүн төрт аталышы басып чыгарылган", — деп жазылат маалыматта.
Бишкек, Ош шаарларында азиз жана көзү начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарында жалпы 340 окуучу билим алары кошумчаланды.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдорго муз тонуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.