Президент Жээнбеков акын Аалы Туткучевдин ыры боюнча үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков акындын ырынан жаман нерсе издеп кереги жок деген оюн билдирген.

БИШКЕК, 5-сен.— Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Эгемендүүлүк күнү акын Аалы Туткучевдин аткарган ыры боюнча "Биринчи радиого" маек берип жатып оюн айтты.

Мамлекет башчы акындын ырынан жаман нерсе издеп кереги жок деген оюн билдирген.

"Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды. Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат. Акын биринчи кезекте элдин жарчысы да. Элди түйшөлткөн маселелерди угуп жатам. Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз. Бул маселелер боюнча эки жылдан бери айтып келе жатам. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз. Менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Барган жеримде бир эле бажы, салык эмес, сот системасына, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам. Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды. Менимче, Аалы мырза жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым. Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы бардык коррупциялык иштер менен күрөш жүрүп жатканын, ага убакыт керек экендигин белгилеген.

Эскерте кетсек, 31-август, Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгын белгилеп жаткан салтанатта КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү акын Аалы Туткучев коомчулдуктагы көйгөйлөрдү айтып ырдап, ыры коомчулукта бир топ талкуу жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0