БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Азыркы тапта Кыргызстан калкынын 76 пайызы гана электр энергиясы менен толук камсыздалган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматта Кыргызстандын бардык айылдарына электр энергиясы кошулганы айтылат. Деген менен калктын 76 пайызына гана жарык толук кандуу жеткиликтүү болгону белгиленет.
Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы аз өндүрүлдү. Себеби эмнеде?
Ошондой эле кыргызстандыктардын бештен бир бөлүгү жылуулукту камсыздоо жана тамак-аш жасоо максатында электр энергиясын колдонору жазылган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстан вакцинаны гуманитардык жардам линиясы аркылуу алууну жана өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Вице-премьерге элди вакцина менен толук камсыздоо үчүн мамлекеттин акчасы жетеби деген суроо узатылган.
"Толук камсыздоого каражат, албетте, жетпейт. Көпчүлүк бөлүгүн гумжардам түрүндө алабыз. Буга чейин Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы келген. Бирок эки миллион адамды эмдеш керек. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлиги Россия жана Казакстан менен иш алып барууда. Себеби Караганда фармацевтикалык заводунда "Спутник V" вакцинасы менен кошо казак өндүрүшүндөгү препарат чыгарылууда. Биз коронавирус менен күрөшүүгө эки миллиард сом бөлгөнүбүз менен ал жетишсиз", — деди финансы министри.Ага ошондой эле Кыргызстанда вакцина өндүрүүгө же "Ысык-Көл тамыры" кайнатмасын даярдоого каражат бөлүнөр-бөлүнбөсү тууралуу дагы суроо узатылды.
"Бул маселе кечээ жакында президент менен жолугушууда каралган. Биз вакцина чыгарууга шарт түзүп беришибиз керек. Адистер буга мүмкүнчүлүктүн бар-жогун анализдеп жатышат. Бул маселени президент койгон", — деди ал.
Вице-премьер мамлекет башчы менен жолуккан кезде дары чөп кайнатмасын өндүрүү жөнүндө сөз болбогонун кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протоколду бекитти.
Буйрукка 16-апрелде кол коюлган. 38 пункттан турган документте коронавирустун эпидемиясын, этиологиясын жана патофизиологиясын аныктоо, диагноз коюу, бейтаптардын айрым топторун дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгуу жана башкалар камтылган. Ошондой эле коронавирустун мутацияланып кетиши мүмкүндүгү да жазылган.
Мындан сырткары, протоколдо бейтаптарга далилденбеген дары-дармектерди, ошондой эле ооруну жеңил жана орточо көтөргөндөргө антибиотиктерди бербеш керектиги сунушталган. Анда антикоагулянттарды колдонуунун да жол-жобосу жазылганы айтылды.Документте аконитти (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонуу тууралуу жазылган эмес. Протоколдун электрондук версиясы менен министрликтин сайтынан таанышууга болот.
Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болгон. Президент менен министрдин дарылоо ыкмасы коомчулукту таң калтырып, түрдүү пикирлерди жаратууда.