Кыргызстанда 134 адам коронавирустан айыгып, 55и жуктуруп алды. Статистика

© REUTERS / Danish SiddiquiСитуация в Индии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Индии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 458ге жетти. Анын ичинен 39 960 бейтап ооруну жеңип чыкты.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 134 бейтап айыгып чыкты, бирок ошол эле убакта дагы 55 киши илдет жуктуруп алганы катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар:

  • Бишкек – 93;
  • Ош шаары – 14;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 14;
  • Баткен облусу – 5;

Дүйнөдө COVID жуктургандар 27 миллиондон ашты. Борбор Азияда абал кандай

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 12;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 11;
  • Баткен облусу – 13.

Ушуну менен жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 458ге жетти. Анын ичинен 39 960 бейтап ооруну жеңип чыкты.

Учурда өлкөдөгү ооруканаларда 601 киши жатат, ал эми амбулатордук дарыланууда 3 004 бейтап бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0