ИИМ шайлоого байланыштуу элдин колундагы курал-жарактарды текшерет

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARDОхота в Ла-Шапель-Глен. Франция
Охота в Ла-Шапель-Глен. Франция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмеде аталган иш-чара өлкөдөгү коомдук тартипти сактоо багытында жасалып жатканы айтылат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеде мындай иш-чара коомдук тартипти сактоо багытында жасалып жатканы айтылат. Анда куралдын сакталышы жана тиешелүү документтер каралат.

Коопсуздук кеңеши сот менен күч түзүмдөргө бир нече милдет жүктөдү. Тизме

"Бул куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Анын алкагында бардык жеке менчик кайтаруу агенттиктери жана анда иштеген кызматкерлер, сый, белекке берилген, травматикалык жана өзүн-өзү коргоого ала турган курал-жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген куралдар да кароодон өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жеке жана юридикалык жактарга курал сатууга жана сатып алууга документ берүү да токтотулат. Аны менен катар курал-жарактарды саткан ишкана, дүкөндөр убактылуу жабылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0