Беткап кийүүгө жардам берген медиктер. Архивдик сүрөт

COVID: айыккандарга реабилитация программасы иштелип, инструкторлор даярдалууда

(жаңыланган 12:48 07.09.2020)
Дарыгер өпкө сезгенгенден кийин фиброз болот деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, коронавирустан айыккандарга реабилитация сөзсүз керек экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Коронавирустан айыккан бейтаптар үчүн атайын реабилитациялоо программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколго атайын бөлүм киргизилген. Ал — вирусту жеңгендерди кайра калыбына келтирүү программасы.

"Анда дүйнө жүзүндө жасалып жаткан, жөнөкөй, эч кандай каражатты талап кылбаган ыкмалар жазылган. Аталган программанын негизинде дарыгерлер окутулуп, инструкторлор даярдалып жатат. Бул боюнча видео түрүндөгү маалыматтар социалдык тармактарга тарап жатат. Реабилитацияны үй шартында көп дары ичпей эле жасоо керек", — деди Сооронбаев.

Кыргызстанда 134 адам коронавирустан айыгып, 55и жуктуруп алды. Статистика

Дарыгер өпкө сезгенгенден кийин фиброз болот деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, коронавирустан айыккандарга реабилитация сөзсүз керек экенин кошумчалады.

Белгилер:
программа, реабилитациялоо, протокол, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2676)
Тема боюнча
Коопсуздук кеңеши коронавирустун тарап кетишинин себебин иликтеп жатат
Коронавирустан көз жумган 18 медиктин жакындарына 1 млн. сомдон берилди
АУЦАнын президенти Эндрю Качинс. Архив

АУЦАнын президенти Эндрю Качинс суракка чакырылды

(жаңыланган 19:11 23.04.2021)
Ички иштер министрлиги окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылганын айтты.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбор Азиядагы Америкалык университеттин (БААУ — АУЦА) президенти Эндрю Качинс ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында чакырылганы айтылат.

Министрлик сотко чейинки өндүрүш боюнча маалымат Жазык-процессуалдык кодексинин 160-беренесине ылайык ачыкка чыгарылбай турганын кошумчалады.

Белгилер:
сурак, Эндрю Качинс, ИИМ
Тема боюнча
Апкаарып калбаңыз! Суракка чакырылган адам эмнелерди билиши керек
Кызыл-Кыядагы көрүстөндүн четиндеги курулган мал сарайдын чыры

Бейитти мал тебелеп, гүлдөрүн жеп кетүүдө. Кызыл-Кыядагы көрүстөн чыры

(жаңыланган 19:09 23.04.2021)
Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары калаанын Октябрь көчөсүндө жайгашкан көрүстөндүн четине курулган мал сарайдын алынышын талап кылышууда.

Алар аталган сарай мүрзөнүн аймагына мыйзамсыз курулуп, анда кармалган мал адамдар көмүлгөн жерди тебелеп жаткандыгына кабатырланышууда.

Сарай, построенный на окраине кладбища
© Фото / Зульфия Тургунова
Алар аталган сарай мүрзөнүн аймагына мыйзамсыз курулуп, анда кармалган мал адамдар көмүлгөн жерди тебелеп жаткандыгына кабатырланууда

Оля Анинова өткөн жылы 34 жаштагы уулунан ажырап, сөөгү ушул көрүстөнгө коюлган. Бейити көрүстөндүн четиндеги унаа жолдун боюнда болгондуктан мал-жандык тебелеп жатканын айтууда.

"Кечээ күнү коюп кеткен гүлдөр бүгүн келсем жок экен. Көрүстөндү аралап жүргөн койлор, уйлар жеп кетиптир. Мен уулумдун бейити тебеленишин каалабайм", — деди Анинова.

Ал эми мал сарайдын ээси Кылычбек Кадыров жер тилкесин сатып алганын айтып, тиешелүү документтерин көрсөттү.

Хозяин сарая, построенного на окраине кладбища, фермер Кылычбек Кадыров
© Фото / Зульфия Тургунова
Мал сарайдын ээси Кылычбек Кадыров
"Былтыр өзүм жашаган үйдүн айланасын кеңейтүү үчүн таштандыга толгон дөңсөөнү сүрдүрүп, тегиздеп ушул сарайды кургам. Бул жайда өгүз байлап багам, сыртка чыкпайт. Мүрзөнү аралап оттоп жүргөн уй, койлор меники эмес. Муну нааразы тараптарга канча жолу түшүндүрсөм да сарайды көрүп мени күнөөлөп жатышат", — деди фермер.

Жергиликтүү жашоочу Любовь Ветохина фермердин сарайы мүрзөнүн аймагына мыйзамсыз курулгандыгын айтып, аны буздуруу талабы менен президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, Кызыл-Кыя шаардык мэриясына февраль айында кайрылганын айтат.

  • Вывеска на въезде в город Кызыл-Кия
    Оля Анинова өткөн жылы 34 жаштагы уулунан ажырап, сөөгү ушул көрүстөнгө коюлган
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Жители города Кызыл-Кия требующие сноса сарая, построенного на окраине кладбища
    Бейити көрүстөндүн четиндеги унаа жолдун боюнда болгондуктан мал-жандык тебелеп жатканын айтууда
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Жительница города Кызыл-Кия Оля Анинова требующая сноса сарая, построенного на окраине кладбища
    Ал эми мал сарайдын ээси Кылычбек Кадыров жер тилкесин сатып алганын айтып, тиешелүү документтерин көрсөттү
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Жительница города Кызыл-Кия требующая сноса сарая, построенного на окраине кладбища и хозяин сарая, фермер Кылычбек Кадыров
    Жергиликтүү жашоочу Любовь Ветохина фермердин сарайы мүрзөнүн аймагына мыйзамсыз курулгандыгын айтып, аны буздуруу талабы менен президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, Кызыл-Кыя шаардык мэриясына февраль айында кайрылганын айтат
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Могилы на территории кладбища в Кызыл-Кие
    Чырлуу маселени чечүү үчүн президенттик аппараттын тапшырмасы менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги тарабынан атайын адис жиберилген
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 5
© Фото / Зульфия Тургунова
Оля Анинова өткөн жылы 34 жаштагы уулунан ажырап, сөөгү ушул көрүстөнгө коюлган

Чырлуу маселени чечүү үчүн президенттик аппараттын тапшырмасы менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги тарабынан атайын адис жиберилген. Анда мал сарай курулган жер тилкесинин тиешелүү документтери жок экендиги аныкталган.

Бул факты милиция тарабынан Жоруктар кодесинин 96-беренеси ("Жер тилкесин өз эрки менен ээлеп алуу") менен КЖБРге катталган.

Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын аппарат башчысы Мирлан Тойчиев фермерге протокол толтурулуп, айып пул салынганын айтты. Учурда шаардык сотко кайрылууга документ даярдап жатат.

Жыйынтыгында фермер жок дегенде чыгымын актатып алуу үчүн эки жыл убакыт берүүсүн сурады. Андан соң бузууга даяр экенин белгилеген.

Белгилер:
Чыр-чатак, сарай, фермер, мэрия, Кызыл-Кыя, көрүстөн
Тема боюнча
Мүйүзүн кесип салышкан. Чек арадан эликтерди алып өтмөкчү болгондор кармалды