Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр

© AP Photo / Seth WenigАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Криминалдык милициянын ыкчам тобуна болжол менен 20-25 жаштагы эркек кызыл китепке кирген жаныбардын терисин жанында алып жүрүп сатууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды
Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды

Криминалдык милициянын ыкчам тобуна болжол менен 20-25 жаштагы эркек кызыл китепке кирген жаныбардын терисин жанында алып жүрүп сатууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиционерлер шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, аны кармаган соң, чындап эле жанындагы сумкада тери бар экени аныкталган. Учурда тери кайдан алынганы иликтенип жатат. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдар изделүүдө.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаУчурда тери кайдан алынганы иликтенип жатат
Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр  - Sputnik Кыргызстан
Учурда тери кайдан алынганы иликтенип жатат

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 295-беренесине ("Мыйзамсыз аңчылык кылуу жана балык уулоо же суу жаныбарларын кармоо") ылайык сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү суракка алынган соң, чакырган учурда келүү милдеттемесин алып коё берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0