Кечээ Бишкекте коронавирустан бир киши каза тапты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери аны жуктуруп алып көз жумгандардын жалпы саны 1 061  адамга жетти.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан бир киши каза болгондугун Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көз жумган адам Бишкек шаарында дарыланып жаткан.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери аны жуктуруп алып каза тапкандардын жалпы саны 1 061ге жетти.

Өткөн сутканын маалыматы боюнча, COVID-19 дагы 68 кишиден табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0