Жашылча жемиштер. Архив

Коронавирустан айыккандар ден соолукка кантип кам көрүшү керек. Адистен 5 кеңеш

187
(жаңыланган 12:49 08.09.2020)
Адис оорудан жаңы эле арылган жарандар ден соолугун кайра калыбына келтирүү үчүн туура тамактанышы керектигин белгилейт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы боюнча санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева коронавирустан айыккандан кийин адамдар эмнелер менен азыктануу керектигин айтып берди.

Адис оорудан жаңы эле арылган жарандар ден соолугун кайра калыбына келтирүү үчүн туура тамактанышы керектигин белгилеп, бир катар эрежелерди сунуштады.

1. Күнүнө 500 граммдан кем эмес жашылча-жемиштерди, 150 грамм табигый чөп-чарларды кошуу керек. Жашылча–жемиштердеги витаминдердин рациондо болушу абдан пайдалуу. Мисалы, С витамини капуста жана башка жашыл түстөгү жашылчаларда көп болот.

2. Ооруган адам тузду 5 граммдан ашык ичпеши керек. Туздалган, ышталган эт азыктарын кошумча туздоодон же консерваларды, тез даярдалуучу тамак-аштарды колдонуудан баш тартып туруу зарыл. Туздан башка шекер, углеводдуу кондитер азыктарын, таттуу суусундуктарды чектөө керек. Алар патогендүү оору козгоочу микроорганизмдердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

COVID: айыккандарга реабилитация программасы иштелип, инструкторлор даярдалууда

3. Суюктукту күнүнө 1,5 литрге чейин ичип туруу дурус. Жылуу (бөлмө температурасы) жана таза суу ичүү шарт. Эгерде дене табы көтөрүлсө, 2 литрге чейин ичүүгө болот.

4. Рациондо сөзсүз түрдө майлуу эмес эттен, жашылчадан жасалган шорполорду жана сүт азыктарын колдонуу керек. Жаш малдын этинен жасалган шорпону бир жумада эки жолу ичүүгө болот. Тоок, үндүк этине жана балык, деңиз азыктарына көбүрөөк көңүл буруу абзел. Бул азыктарда Омега-3 май кислотасы бар.

5. Витаминдер көбүрөөк сунушталат. Алар организмдин кайра калыбына келишине жардам берет. Мисалы, Д витаминин препарат же кошумча тамак-аш катары колдонуу сунушталат. А витаминин зайтун жана башка майлардан табууга мүмкүн.

187
Белгилер:
адистер, эреже, сунуш, айыгуу, коронавирус, тамактануу, витамин
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2237)
Тема боюнча
COVID жуктуруп алгандар, дарттан айыккандар. Соңку маалымат
Коронавирус да жашасам дейт. COVID-19дун айтыла элек "сырлары" тууралуу маек
Бишкектин камера коюлган көчөдө бараткан унаа. Архивдик сүрөт

Жол эрежесин бузуп камерага түшүп, айып төлөбөй жүргөндөргө көрүлчү чаралар

207
(жаңыланган 21:11 23.09.2020)
Жол эрежесин бузуп "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган айдоочулардын арасында айып пулун көптөн бери төлөбөй жүргөндөр болсо керек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Жол эрежеси" рубрикасынын алкагында мындай учурда айдоочуга кандай чаралар көрүлүп, кантип жазалана турганын билип көрдү. Аларды ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев айтып берди.

Айып пулду канча убакытка чейин төлөш керек?

Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айып пулдун кагазы келген күндөн тарта автоунаа ээси (автокөлүк кимге катталган болсо, айып кагаз ошол адамга жиберилет) аны жарым айдын ичинде төлөшү керек. Башкача айтканда, 15 календарлык күндүн ичинде төлөгөн учурда айып пулдардын көлөмдөрү 50 пайызга азайтылат. Эгер ал убакыттан ашып кетсе, анда айыпты толук төлөөгө туура келет. Айтор, мыйзам боюнча айдоочу бул милдеттен бир айдын ичинде кутулушу керек.

Жол кырсыгы болгон жерге эмнеге инспектор чакыруудан качышат? Эреже, кеңештер

Белгилей кетсек, жол эрежесин одоно, адам өмүрүнө коркунуч жаратып бузгандар, мисалы, жол кырсыгына себепкер болгондор, машинаны мас абалында башкаргандар, автокөлүктүн айнегин караңгылатып айдагандар, жолдун каршы тилкесине чыккандарга 50 пайыздык арзандатуу берилбейт. Алар айып пулду 15 күндүн ичинде болсо дагы толук көлөмдө төлөөгө туура келет. 

Цифровизированный командный центр, который ведет онлайн-видеонаблюдение за столицей
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Санариптештирилген командалык борбор

Бир айдан ашып кетсе, кандай чаралар көрүлөт?

Айып пул бир айдын ичинде төлөнбөсө, ага бир күндө бир пайыздык туум чыга баштайт. Мисалы, бир күнгө 10 сом. Эгер айып пулдун көлөмү 1000 сом болсо, үч айдын ичинде ага 1000 сом кошулуп, 2000ге жетет. Же болбосо айып пулдун өлчөмү 5500 сом болсо, ага үч айда ушундай эле сумма кошулуп 11 000 сомго көтөрүлүп кетет. Башкача айтканда, туум үч айдын ичинде айып пулдун өзүнүн көлөмүнө жетет.

Туумдун көлөмү айып пулдун өзүнүн көлөмүнө жеткен күндө, башкача айтканда, үч айдан кийин ЖКККББ тиешелүү кагаздарды чогултуп ишти сотко өткөрөт. Бул учурда соттун дагы өз укуктары бар. Алар айдоочуга ар кандай чектөөлөрдү коюшу мүмкүн. Мисалы, мамлекеттик органдардан паспорт же маалымат кат алууда чектөө коет. Иш сотко өткөндө автоунааны сатуу да кыйын болуп калат. Башкача айтканда, айып пулду төлөмөйүн айдоочу темир тулпарын сата  да албай, башкага каттай да албай алат. Мындан сырткары, эгер айып пул төлөбөгөн айдоочу мамлекеттик кызматтарда эмгектенсе, иштеген мекемесине эскертүү кагаздарын жибериши мүмкүн. Мындай айдоочулар айып пулдан кутулмайын чет өлкөгө да чыга албай калышы толук ыктымал. 

Сотрудники патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖКККББнын Кайгуул кызматынын өкүлү айдоочуну токтотууда

Айып пул төлөбөгөнүн кайгуул кызматы кантип биле алат?

ЖКККББнын Кайгуул кызматынын өкүлдөрү айып пул төлөбөгөн айдоочуну тез эле аныктап кое алышат. Азыр алар "Коопсуз шаар" долбоору туташтырылган электрондук планшеттер менен иштейт. Рейд учурунда, мындай күндөрү деле автоунаанын артынан кетип бара жатып анын номерин терип айып пулунун мөөнөтү өткөн-өтпөгөнүн планшеттин жардамы менен текшерип коюшат.

Айдоочуларга айып пул төлөтүүдө кандай тоскоолдуктар бар экени айтылды

Эгер автоунаага жазылган айып пулдун тууму бар болсо, инспекторлор айдоочусун жолдун чекесине токтотуп, Эреже бузуулар кодексинин 31-беренесине таянып машинаны айып короого киргизип коюуга толук укугу бар. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыпты төлөмөйүн анын автокөлүгү чыгарылбайт.

207
Белгилер:
автоунаа, айдоочу, айып пул, Коопсуз шаар
Тема боюнча
Баланын жолдогу коопсуздугу. Ата-энелерге жол эрежеси боюнча 9 кеңеш
Ылдамдыкты азайтып, фара күйгүзүүнү унутпаңыз! Көлгө бара жаткандагы жол эрежелери
Айдоочу ГБРдин автоунаасына жол бошотуп берүүгө милдеттүүбү? Эрежелер
Балыкчы шаарындагы үйлөр. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

28
(жаңыланган 21:02 23.09.2020)
24-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү, 24-сентябрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары

Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош калаасында +26...+28 градуска көтөрүлөт.

28
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?