Сот балкасы. Архивдик сүрөт

Токмоктогу дарыканадан акча уурдай качкан жигитке ырайым кылынды

73
(жаңыланган 13:52 08.09.2020)
Дарыканадагы окуя боюнча соттун чечимин айрым укук коргоочулар менен юристтер "катаал чыгып калды" деген пикирин айтышкан. Социалдык тармакта ар кыл пикирлерди жаратып, көбү чечимге нааразы болгон.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Токмок шаарындагы дарыканадан акча уурдай качкан Замир Кожокановго ырайым кылынгандыктан бир жылдык жаза мөөнөтү кыскарып, учурда шарттуу түрдө үй камагына чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Тилек Мамбетов билдирди.

Чүй облустук соту 50 миң сом айып салып, Замирбек Кожокановду эки жыл алты айга эркинен ажыраткан.

Адвокаттын айтмында, Кожоканов чечим чыккандан баштап 2020-жылдын августуна чейин Жалал-Абаддагы №10 жабык мекемеде бир жылдан ашык жазасын өтөгөн.

Ошондой эле 2019-жылдын аягында соттолуучунун жактоочусу Тилек Мамбетов президенттен кылмышкерге ырайым кылуусун сурап кайрылып, жаза өтөө мөөнөтү кыскарган.

"Биз 2019-жылдын декабрь айында ырайым кылууну суранып, президентке атайын арыз менен кайрылганбыз. 2020-жылдын майында ал өтүнүч орундалып, бир жылдык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган жана 2020-жылдын августунда шарттуу түрдө үй камагына бошотулган. Эми ушул жылдын сентябрь айынын аягында жаза мөөнөтү толугу менен бүтөт", — деди Мамбетов.

Буга чейин Токмок шаардык соту Кожокановду 2019-жылдын 15-майында Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары, айыпкер 70 миң сом төлөмөр болгон.

Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын

Мындай чечим социалдык тармакта ар кыл пикирлерди пайда кылып, көбү буга нааразы болгон. Айрым укук коргоочулар менен юристтер дагы "сот чечими катаал чыгып калды" деп чыгышкан. Мындан улам иш кайра кароого жөнөтүлгөн.

Кийин Чүй облустук соту Токмок шаарындагы ишти кайра карап, беш жылдык жаза мөөнөтүн 2 жыл 6 айга кыскартып, 50 миң сом айып салган.

Окуянын чоо-жайы

2019-жылдын 12-мартында Токмоктун тургуну Кожокановдун балдары ооруп, дары-дармекке акча издеп чыккан. Жолдон досторуна жолугуп, сыра ичкен. Караңгы киргенден кийин "Айболит" деп аталган дарыканага кирген да, акчасы жок экенин айтып, курткасын күрөөгө коюп сатуучудан дары берүүсүн өтүнгөн.

Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип кассадагы акчаны алып алган. Ары жактан чуркап келген сатуучуну түртүп жиберип качып кеткен. Бирок кийинчерээк милиционерге өзү келип, кылганын моюндаган.

Энесин сабаган инисин мууздап салган... Август айындагы соттук чечимдер

Тергөө учурунда камакка алынган Кожоканов менен дарыканачынын айткандары дал келген. Аял жигитти кечирип, аны жазалабоону суранган.

Кожоканов келинчеги менен Токмок шаарынын четинде батирде жашап, курулушта, жеке ишканаларда иштеп келген. Анын кичинекей эки кыз, бир уулу бар.

73
Белгилер:
пробация, сот, адвокат, дарыкана
Тема боюнча
Токмокто баласына дары алам деп кесилген кишиге чыккан өкүм туурабы? 6 юристтин ою
Токмокто баласына дары алам деп камалган ата. Өкүм чыгарган сот тууралуу факты
Сабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив

5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

29
(жаңыланган 11:18 28.09.2020)
Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 5-октябрдан тарта окуучулар мектепке барып салттуу режимде окуй баштайт деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар кайрылып, мессенжерлерде 5-октябрдан тарта салттуу режимде окуу баштала тургандыгы боюнча министрликтин буйругу тарап жатканын айтышкан.

Буйрук "Билим берүү уюмдарында 2-6-класстардын окуучуларын реалдуу шартта окутууга даярдык көрүү боюнча" деп аталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бул буйрукту министрлик чыгарбаганын айтып, документ реалдуу окууга даярдык боюнча гана район деңгээлинде жасалганын билдирди.

"Мындай маселени министрлик чечпейт, буйруктун бизге тиешеси жок. Чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды карап көрүп, алгач Республикалык штаб кабыл алат. Андан кийин гана министрлик буйрук чыгарат", — деди министрликтин маалымат кызматынын өкүлү.

Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

Бирок кийинчерээк билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баары эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды экенин айтып, балдардын качан мектепке барары белгисиз экенин билдирген.

29
Белгилер:
буйрук, министрлик, сабак, бөбөктөр, мектеп, окуу
Тема боюнча
Балага мектепте басмырлоо болуп жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

42
(жаңыланган 10:25 28.09.2020)
Кечээ Москва облусундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан ондогон кыргызстандык жабыркаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

42
Белгилер:
тапшырма, жардам, мекендештер, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Боронов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө