Москвада "бала уурдагандарга" каршы турган кыргызстандык жигит суктантууда. Видео

CC0 / Pixabay / LEEROY AgencyПомощь незнакомому человеку на улице
Помощь незнакомому человеку на улице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сценарий боюнча, блогер өтүп бараткан кишиге баланы таштап, аны бейтааныш адамдар уурдоого аракет кылмак. 18 сааттын ичинде роликке 870 миң ирет лайк басылган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Азамат Нуржанов россиялык видеоблогер Михаил Литвиндин "оюнунун" катышуучусу болуп калды. Окуя Москва шаарында болгон.

Литвин жолдон өтүп бараткан адамдардын баланын уурдалышына жасаган реакциясын тартып, видеону Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Михаил Литвин (@mikhail_litvin)

Сценарий боюнча, блогер көчөдө бараткан кишиге баланы карап турууга таштап, аны бейтааныштар уурдап кетүүгө аракет кылышат.

Видеодо бир жигиттин бала уурдоого каршы туруп, "уурулар" менен мушташа кеткенин көрүүгө болот. Дал ушул жигит кыргызстандык Азамат Нуржанов болуп чыккан.

Видеонун алдында жазылган комментарийлерде Азаматтын аракетине баасын бергендер көп болгон.

"Биринчи жигит азамат экен", — деп жазган бирөө.

"Буту менен шумдук тепти", — деп суктанган экинчиси.

Блогердин видеосуна 18 сааттын ичинде 870 миң лайк басылып, 8 миңден ашуун комментарий жазылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Азамат Нуржанов (@nurjanovazamat586)

Ачык маалыматтарда Азамат Нуржанов Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мурунку мүчөсү экени айтылат. Улуттук командага 2019-жылы кирип, Ысык-Көлдө машыгуудан өткөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Азамат Нуржанов (@nurjanovazamat586)

Ушу тапта кыргызстандык жигит Москва шаарында иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0