Элчи Жекшенкулов Россиядан аба каттамдарды жандантууну өтүндү

© Sputnik / Евгений ОдиноковПосол Кыргызстана в России Аликбек Джекшенкулов
Посол Кыргызстана в России Аликбек Джекшенкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи аба каттамдарды жанданттуу жана КР жарандарына Россияга тоскоолдуксуз кирүү маселесинин чечилиши маанилүү болуп турганын айткан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушту. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу мамиленин актуалдуу маселелери талкууланды:

  • эки өлкө ортосунда туруктуу аба каттамдарды ачуу;
  • кыргыз студенттерди жана дарыгер–ыктыярчыларды Россияга кирүүгө уруксат берүү;
  • Кыргызстанга Россиянын COVID-19га каршы жаңы вакцинасын алуу;
  • Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жандандыруу жана улантуу;
  • Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйынын өткөрүү маселелери.
"Элчи Кыргызстан менен Россия ортосунда туруктуу аба каттамын калыбына келтирүү жана КР жарандарына Россияга тоскоолдуксуз кирүү маселесинин чечилиши маанилүү болуп турганын белгиледи. Ошол эле учурда кыргыз тарап ушул жылдын 21-августунан баштап РФтин жарандарынын өлкөгө эркин кирүүсүнө уруксат берди, эми Россия менен туруктуу аба каттамдардын жанданышын күтүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Талкуунун жүрүшүндө Руденко калкты эмдөө үчүн COVID-19га каршы вакциналарды Россия жетиштүү көлөмдө өндүрүп баштагандан кийин Кыргызстанга көмөктөшөрүн белгилеген.

Жекшенкулов: Россиядагы мигранттарга 12 млн. сомдон ашуун акча которулду

Мындан тышкары, тараптар коронавирус пандемиясынын жайылышына жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу токтотулуп калган эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чаралардын программасын жандантуу ниетин билдиришти.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын Бишкекте өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0