Парламенттик шайлоо: БШК эл аралык 25 байкоочуну каттады

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча эл аралык эки уюмдун жана Молдованын БШКсынын өкүлдөрү катталды. Парламенттик шайлоого бир айга жетпеген убакыт калды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия парламенттик шайлоого 25 байкоочуну каттады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул сапар Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Адам укуктары жана демократиялык институт боюнча бюросунун, Молдованын Боршайкомунун өкүлдөрү менен КМШнын миссиясы аккредитациядан өткөн.

Кыргызстанда шайлоо камы башталды. Ким эмнеге даяр болушу керек

БШК каттоодон өткөнүнө жараша эл аралык байкоочулардын тизмесин улам толуктап турмакчы.

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0