Эркек киши. Архивдик сүрөт

Эркектерди мезгилсиз өлүмгө кептеген себептер айтылды. Изилдөө

335
(жаңыланган 09:13 09.09.2020)
Окумуштуулар 40-79 жаштагы эки миңге чукул эркек кишиге изилдөө жүргүзүп, ден соолугун ар тараптан талдап чыгышкан.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кандагы D витамининин деңгээлинин төмөндүгү эркектер арасында бир катар ооруларга жана мезгилсиз өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Левендин (Бельгия) католик университетинин окумуштуулары 40-79 жаш курактын аралыгындагы 1 970 эркек кишиге изилдөө жүргүзгөн. Анда адистер катышуучулардын жаш курагына, салмагына, тамеки тарткан-тартпаганына жана ден соолугуна жараша D витамининин метаболиттеринин деңгээлин салыштырып көрүшкөн.

Ажалы жакындаганын адамдын көзүн карап билсе болот. Изилдөө

Натыйжада метаболиттердин деңгээли жүрөк-кан тамыр оорулары, рак жана остеопороз сыяктуу оорулардын көбөйүшүнө, ошондой эле эрте өлүмгө байланыштуу экени белгилүү болгон.

D витамини адамга керектүү заттардын бири. Ал жетишпегенде адамдын сөөгү жумшарып, улгайганда остеопороз дартына чалдыгат.

335
Белгилер:
витамин, изилдөө, өлүм, эркек
Тема боюнча
Окумуштуулар: донордун канын куюу инсультту дарылоого жардам берет
Бишкек шаарындагы Курмажан датканын айкели. Архив

Күн сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы

3
(жаңыланган 09:45 20.09.2020)
Синоптиктердин маалыматына караганда, өлкөдө аптанын биринчи жарымында күндүзү жаан жаабаганы менен түнкүсүн жаан-чачындуу болот.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумага карата аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат берди.

Бишкек шаары

Борбор калаада 20-21-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-сентябрда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Аптанын аягында дагы күндүн көзү ачылбасы божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарында

Аптанын башында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Мындай аба ырайы 24-сентябрга чейин кармалып турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

20-21-сентябрда жаан жаабайт. 22-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Аптанын акыркы күндөрүнө чейин көпчүлүк аймактарда күндүз күн ачык болгону менен түнкүсүн бийик тоолуу жерлерде жаан жаап, карга айланышы ыктымал.

Жер бетиндеги эң жогорку температура катталган аймак аталды

Ысык-Көл облусунда

20-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жааса, 20-сентябрь күндүз дагы мындай аба ырайы уланат. 23-сентябрда күндүз жана 24-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда

Нарында аптанын ортосуна чейин жаан жаабайт. 23-сентябрдан тарта күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3
Белгилер:
жаан-чачын, Кыргызгидромет, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ак-Сай жайлоосуна малчылар жакага түшө электе кар жаап салды. Видео
Россиялык алып баруучу Ольга Шелест. Архив

Россиялык алып баруучу аз убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берди

27
(жаңыланган 09:08 20.09.2020)
Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиялык алып баруучу Ольга Шелест "Телепрограмма" басылмасына маек берип жатып тез убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, социалдык тармактын колдонуучулары алып баруучунун сындуу болуп калганын байкашып, андан кантип арыктаганын сурашкан.

Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырган.

"Бир отурганда эле бир тортту жеп койчумун. Бирок кийин кумшекерден баш тарттым. Эки айдан кийин жети килограмм таштаганымды билдим. Атайын деле "арыктайм" деп максат койгон эмесмин. Анткени өзүмдүн тулку-боюм жакшы эле формада болчу", — деди ал.

Алып баруучу карантинде кокустан "Мен таттууну жакшы көрбөйм" деген китеп окуп калганын айтты. Ошондон баштап анын кумшекер, таттууга болгон көз карашы өзгөргөн.

Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

"Бул китепте кумшекер кантип жаралганы, адамдар ага эмнеге жакын болуп калганы тууралуу илимий негизде маалыматтар берилген. Ошондой эле биз аталган "жасалма баңгизатты" колдонгондо организмде кандай реакция жүрөрү да айтылган", — деди Шелест.

Алып баруучу кумшекердин ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билгенден кийин таттуудан толугу менен баш тартканын кошумчалады.

27
Белгилер:
Кумшекер, арыктоо, алып баруучу, Россия
Тема боюнча
30 килограммга чейин арыктаган. Улгайган аял сыры менен бөлүштү
Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди