Китептер. Архивдик сүрөт

Жаңы чыккан 12 миң окуу китеп кайсы аймактарга бөлүндү? Тизме

117
(жаңыланган 08:47 09.09.2020)
"Көркөм өнөр" жана "Технология" дисциплиналары боюнча кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептер 5-6-класстын окуучуларына арналган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Жаңы китеп" мекемеси 12 380 даана окуу китебин басып чыгарды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, "Көркөм өнөр" жана "Технология" дисциплиналары боюнча кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептер 5-6-класстын окуучуларына арналган.

Беш тилде окуса болот. Баткенде 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду

Басып чыгарылган китептердин 2 335и Бишкек шаарындагы мектептерге берилген. Ал эми Чүй облусуна 8 800, Ысык-Көл облусуна 960 даана китеп жөнөтүлгөн.

Мекеме жетекчиси Төлөгөн Аматов окуу китептерди басып чыгаруу үчүн каржы булактарын табууга пандемия тоскоолдук жаратканын айтты.

"Бул окуу китептер жакынкы 5 жылга ижарага берилет. Андан түшкөн каражатка жаңы окуу китептери басып чыгарылат. Бир жылдын ичинде ар кандай уюмдар, эл аралык фонддор жана жеке компаниялар менен жаңы окуу китептерин басып чыгарууну каржылоо маселесин сүйлөштүк. Тилекке каршы, пандемия өзгөрүүлөрдү киргизип, кызматташууга кызыкдар болгон көптөгөн уюмдар долбоорлорду ишке ашырууну убактылуу токтотушту. Бирок ишти ага карабай улантып жатабыз", — деген Аматов.

Китептерди басып чыгаруу ишин Катардын кайрымдуулук фонду каржылаган.

117
Белгилер:
окуучу, мектеп, каржылык, билим берүү, китеп, окуу
Тема боюнча
Тескери басылган герб, гимн. Окуу китептеги одоно ката боюнча министрлик жооп берди
Женевадагы БУУнун имараты. Архивдик сүрөт

БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы эрегиш боюнча билдирүү жасады

1
(жаңыланган 10:09 30.09.2020)
Коопсуздук кеңеш Армения менен Азербайжанды тез арада тирешүүнү токтотуп, алдын ала шарт койбой сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырды.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабахтагы жаңжалдын айланасында ири масштабдуу согуштук аракеттер жөнүндө билдирүүлөр айтылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы Абду Абарри кеңештин мүчөлөрү талкуунун жыйынтыгында ушундай чечимге келгенин айткан.

"Алар (Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү — ред.) күч колдонулушун катуу айыптап, адамдардын набыт болушуна өкүнүүсүн билдиришти", — деп айткан Абарри.

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

Коопсуздук кеңеш Армения менен Азербайжанды тез арада эрегишүүнү токтотуп, алдын ала шарт койбой сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырды. Ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында толук колдоо боло турганын билдирген.

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Кыргызстан өз позициясын айтып, эки тарапты тең тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө чакырды. Аны менен катар маселени чечүү жолун издөөгө көмөктөшүү үчүн даярдыгын билдирди.

1
Белгилер:
Жаңжал, Азербайжан, Армения, Тоолуу Карабах
Биометрикалык тершерүүдөн өтүп жаткан шайлоочу. Архив

437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

11
(жаңыланган 10:02 30.09.2020)
КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар миссиясы да форма №2 менен добуш берүүнү каалаган шайлоочулар көп экенин белгилешти.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Добуш берүү укугу бар 437 384 кыргызстандык жаран биометрикалык каттоодон өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу КМШнын байкоочу миссиясынын КРдеги парламенттик шайлоого жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу отчетунда айтылат.

Миссия өз отчетунда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянган. Мамкаттоо БШК менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар 2017-жылга салыштырмалуу 300 миңге азайганы айтылды.

Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме

КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле шайлоо дареги боюнча (форма № 2) добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

11
Белгилер:
Кыргызстан, БШК, тизме, шайлоо, Биометрикалык маалыматтар
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлдабекова: шайлоодо жарым млн. адам №2 форма менен добуш бермей болду