Кыргызстан дагы эки өлкө менен авиакаттамын жандантты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүСамолет в небе над Москвой
Самолет в небе над Москвой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ташкент менен Эль-Кувейтке рейстер жумасына бир жолу аткарылып турат. Буга чейин мамлекет Түркия жана БАЭ менен авиабайланышын калыбына келтирген.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Ушул жылдын 20-сентябрынан тарта Кыргызстан Өзбекстан менен туруктуу авиакаттамын жандантары тууралуу маалымат Жарандык авиация агенттигинин сайтына жарыяланды.

Ташкент — Бишкек — Ташкент рейси "Узбекистон хаво йуллари" компаниясы тарабынан жумасына бир жолу, дүйшөмбү күнү аткарылып турат.

Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты

Мындан тышкары, агенттик 10-сентябрдан тарта Кувейт бийлиги Кыргызстанга авиакаттамын жанданта турганын кабарлады. Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкек — Эль-Кувейт багыты боюнча ар аптанын бейшембисинде каттап турмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамын калыбына келтирген болчу. Бул пандемиядан кийин аба байланышы ачылган алгачкы өлкөлөр болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0