Значок и удостоверение депутата Жогорку Кенеша. Архивное фото

"Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка кимдер аттанды? Тизме

483
(жаңыланган 17:47 10.09.2020)
"Ата Мекен" партиясынан тизмеге 150 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Ата Мекен" партиясынан тизмеге 150 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.

"Ата Мекен" партиясынын талапкерлери:

  1. Акаев Жанарбек Кубанычович, 1986, ЖК депутаты;
  2. Токтогазиев Тилек Мурсалиевич, 1990, "ЛАВИСТА" компаниясынын башкы директору;
  3. Момбеков Рыскелди Чыныбекович, 1968, ЖК депутаты;
  4. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна, 1978, ЖК депутаты;
  5. Абакиров Элдар Курманбекович, 1981, жумушсуз;
  6. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич, 1972, Эсеп палатасында аудитор;
  7. Осмонов Евраз Арысланбекович, 1980, жумушсуз;
  8. Никитенко Наталья Владимировна, 1979, ЖК депутаты;
  9. Шерниязов Абылкасым Эсентаевич, 1971, жумушсуз;
  10. Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович, 1970, ЖК депутаты;
  11. Токтошев Эмиль Токтакунович, 1974, ЖК депутаты;
  12. Чотонова Турсунбүбү Дүйшөнкуловна, 1992, КРдин Италиядагы элчилигинде атташе;
  13. Эркебаев Азат Абдыганиевич, 1979, жумушсуз;
  14. Ким Ин Сен, 1978, жумушсуз;
  15. Сулейманов Бахадыр Искакович, 1963, ЖК депутаты;
  16. Кырбашева Кундус Бергеншаевна, 1984, "Кыргыз винд систем" компаниясында каржы боюнча жетекчи;
  17. Макеев Керимберди Жакыпович, 1976, "АККА" компаниясынын башкаруу жетекчисинин орун басары;
  18. Жураев Уланбек Муратович, 1980, "Спец Проект Монтаж" компаниясында каржы жетекчиси;
  19. Турдубеков Бактыбек Курманбекович, 1977, "Бишкек Штамп Завод" мамлекеттик компаниясынын жетекчиси;
  20. Шарапова Жибек Закировна, 1990, "Сезимтал" инклюзивдик мектебинин башкы директору;
  21. Рыспаев Бакыт Келгенбаевич, 1980, жумушсуз;
  22. Качкынбаев Сейтек Садырбекович, 1977, жумушсуз;
  23. Сатыбалдыев Абдимиталип Баатырбекович, 1972, ОшТУнун Физика жана энергомашина куруу кафедрасынын башчысы;
  24. Кулумбаева Гүлмира Шамшиевна, 1971, жеке ишкер;
  25. Аскаров Эрлан Алсеитович, 1987, жумушсуз;
  26. Курванбаев Сүйүнбек Бурканидинович, 1980, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
  27. Туленбаев Эмиль Советбекович, 1984, Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн начальниги;
  28. Турдалиева Чынар Алымкуловна, 1973, жумушсуз;
  29. Жунусов Улан Сманович, 1976, жумушсуз;
  30. Айнабаев Бектур Аскарович, 1978, "Нарын" бажысында бажы коштоп жүрүү бөлүмүнүн инспектору;
  31. Долдоев Таалайбек Анарбаевич, 1964, Ичүүчү суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинде башкы адис;
  32. Кутманбаева Гүлжан Орозобековна, 1979, УСП АХЧ;
  33. Нариев Жаныбек Абдивалиевич, 1984, Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  34. Нурматов Азизбек Нарынбаевич, 1989, жумушсуз;
  35. Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич, 1985, жумушсуз;
  36. Тентимишева Замира Шарапидиновна, 1968, Бишкек шаардык мэриясынын экономика жана инвестиция департаментинде бөлүм башчы;
  37. Ботобаев Айбек Курманович, 1980, ИИМдин алдындагы Чүй ЖКККББ жана Кайгуул кызматынын начальниги;
  38. Исманов Талант Касымович, 1984, "Эркуфлай" ЖЧКсынын жетекчиси;
  39. Добулбеков Айдарбек Камалбекович, 1972, "Ак Жол Аксы" кооперативинин башчысы;
  40. Асаналиева Жийдегүл Абылкасымовна, 1988, жумушсуз;
  41. Айкынов Хаит Исраилович, 1952, жумушсуз;
  42. Курманкулов Алмазбек Комбердиевич, 1973, Экотехинспекциянын Аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси;
  43. Салибаев Ильичбек Паратович, 1970, жумушсуз;
  44. Наватова Айгуль Джаныбаевна, 1960, "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы, эксперт-лингвист;
  45. Орумбеков Эрик Көлбаевич, 1981, "Имрана-Али" ЖЧКсы, директор;
  46. Тарыкбаев Алмаз Нарынбекович, 1983, жумушсуз;
  47. Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытович, 1970, Кочкор-Ата аймактык колледжи, коммерциялык директор;
  48. Ивахник Наталья Владимировна, 1982, Республикалык психикалык ден соолук борбору, психиатр;
  49. Калилов Нурсултан Абдраимович, 1992, "Лидер Медикал" ЖЧКсы, финансы директору;
  50. Боронбаев Калысбек Олжобаевич, 1986, Жогорку Кеңеш, сектор башчысы;
  51. Төлөгөн уулу Аман, 1990, жумушсуз;
  52. Аблакеева Чынара Аскарбековна, 1982, жумушсуз;
  53. Романов Бакыт Асылбекович, 1980, жумушсуз;
  54. Сыдыков Бакытбек Дамирбекович, 1981, жумушсуз;
  55. Абдрахманов Нурбек Борисович, 1977, жумушсуз;
  56. Ташибекова Замира Мазеловна, 1970, Талас мамлекеттик университетинде кафедра башчысы;
  57. Мамбеткулов Максатбек Абдуманапович, 1986, ММБ ЖЧКсынын башкы директору;
  58. Ниязбеков Рыспек Жайлообекович, 1966, "Айше Трейдинг" ЖЧКсынын коммерциялык директору;
  59. Акынбеков Нургазы Эшенкулович, 1979, жумушсуз;
  60. Антипова Антонина Михайловна, 1964, жумушсуз;
  61. Балтабаев Сардорбек Абдумуталибович, 1985, "Юрконсул" юридикалык компаниясынын директору;
  62. Усупбаев Абдурахман Тажимырзаевич, 1974, "Техник" ЖЧКсынын директору;
  63. Молдосалиев Авдандил Жыргалбаевич, 1970, жумушсуз;
  64. Жолдошова Элнура Иматиллаевна, 1987, жумушсуз;
  65. Карымов Айбек Усенович, 1969, жумушсуз;
  66. Асанбеков Максатбек Бекбосунович, 1982, жумушсуз;
  67. Мамразаков Уланбек Сапарович, 1982, жумушсуз;
  68. Култаева Аксана Миталиповна, 1984, жумушсуз,
  69. Айтиев Мирлан Төлөнович, 1986, Ош облустук ооруканасы, дарыгер;
  70. Тагаев Самаган Асылбекович, 1974, "1 сом" коомдук фонду, президент;
  71. Калдыбаев Кыялбек Мамасадыкович, 1980, жумушсуз;
  72. Сайдакматова Айпери Сайдакматовна, 1995, жумушсуз;
  73. Дунканаев Нурлан Нуржанович, 1974, "Залкар Строй Инжинеринг" ЖЧКсы, директор;
  74. Шаршеналиев Мирлан Молдоисаевич, 1983, "Азия Сервис Ком" ЖЧКсы, директор;
  75. Рашитов Уктамжон Кенжаевич, 1966, жумушсуз;
  76. Курманкулова Айпери Азимовна, 1994, жумушсуз;
  77. Макеев Адилет Ажыбекович, 1988, жумушсуз;
  78. Жоробеков Асылбек Алиевич, 1993, "Бек Ойл" жеке ишкана, менеджер;
  79. Смаров Мухамед Шимарович, 1984, "С-Азия" ЖЧКсы, коммерциялык директор;
  80. Ковалева Елена Дмитриевна, 1973,  "Дизель Техник" ЖЧКсы, директордун орун басары;
  81. Алтыбай уулу Нурсултан, 1991, жумушсуз;
  82. Каримов Кумар Сулайманович, 1983, жумушсуз;
  83. Даутов Дилшат Ерназарбекович, 1988, Фитнес федерациясы, инструктор;
  84. Иванова Валентина Петровна, 1964, жумушсуз;
  85. Талипов Азамат Талипович, 1980, жеке ишкер;
  86. Алыкулов Пазыл Алыкулович, 1984, ЖК, "Ата Мекен" фракциясы катчылыгынын консультанты;
  87. Жолоев Аватбек Идрисович, 1963, жумушсуз;
  88. Дүйшөнкул кызы Айжан, 1994, жумушсуз;
  89. Мамбеталиев Темир Улукбекович, 1985, жумушсуз;
  90. Исмаилов Максатбек Бейшенбекович, 1979, жумушсуз;
  91. Усенов Тилек Талантович, 1978, "Москва Секьрити" ЖЧКсы, күзөт башчысы;
  92. Дүйшеева Аэлита Кубанычовна, 1995, жумушсуз;
  93. Курбаналиев Шайлообек Гламидинович, 1985, жумушсуз;
  94. Турдубаев Айбек Мамаевич, 1973, жумушсуз;
  95. Дүйшөналиев Болотбек Согушбекович, 1988, жумушсуз;
  96. Эрднеева Екатерина Владимировна, 1996, жумушсуз;
  97. Сабеков Нурбек Дүйшөмбиевич, 1982, жумушсуз;
  98. Пазылов Өмүрбек Ташмурзаевич, 1984, "Транслейшн Сервис" ЖЧКсы,  менеджер;
  99. Илиязов Мухамбед Кубанычбекович, 1990, Жол жана транспорт министрлигинин Ош облусундагы мекеме, инспектор;
  100. Дуплищева Ольга Юрьевна, 1970, жумушсуз;
  101. Тилеген уулу Кенжеболот, 1992, "Капитал плюс" ЖЧКсы, насыя берүү адиси;
  102. Идирисов Максатбек Тынчтыкбекович, 1985, жумушсуз;
  103. Боронов Касымбек Давлатбекович, 1987, жумушсуз;
  104. Абыкеева Рыскүл Аалыкадыровна, 1987, Нарын билим берүү бөлүмү, методист;
  105. Өзгөнбаева Айнагүл Саруевна, 1972, жумушсуз;
  106. Өмүрзаков Данияр Таласбекович, 1986, жумушсуз;
  107. Жолдубаев Мирлан Жолдошбекович, 1991, жумушсуз;
  108. Юбурова Сыджер Идрисовна, 1986, №18 орто мектеби, биология мугалими;
  109. Матраимов Абдурахман Исраилжанович, 1987, " Академия Сил Роуд", негиздөөчү;
  110. Исманов Нургазы Урбаевич, 1988, "Япония консультация берүү компаниясы" ЖЧКсы, долбоордун координатору;
  111. Жакшылык Бердибек уулу, 1989, жумушсуз;
  112. Астапаева Надира Айыповна, 1981, "Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор" ЖЧКсы, аткаруучу директор;
  113. Касымов Салават Махматалиевич, 1986, жумушсуз;
  114. Карымшаков Уланбек Токтосунович, 1987, "Аталык Групп" ЖАК, менеджер;
  115. Шамшиев Тилектеш Абдувалиевич, 1984, "Памир майнинг" ЖЧКсы, логистик;
  116. Субанова Элмара Кутбидиновна, 1998, жумушсуз;
  117. Жаныбаева Юлия Михайловна, 1990, "Юнайтед Принт" негиздөөчү;
  118. Абитов Темирлан Сапарбекович, 1983, жумушсуз;
  119. Эсеналиева Жылдыз Сабыровна, 1988, Таргет Туризм ЖЧКсы, башкы бухгалтер;
  120. Каттобек кызы Үмүт, 1999, жумушсуз;
  121. Жумакадырова Бегимай Мамбетжумаевна, 1987, жумушсуз;
  122. Токомбаев Нурлан Бактыбекович, 1982, жумушсуз;
  123. Суеркулов Максат Болотович, 1983, "Виш Тавел" ЖЧКсы, директор;
  124. Дүйшөнкулова Айгүл Дүйшөнкуловна, 1993, жумушсуз;
  125. Эшенов Элчибек Акматбекович, 1986, Адилеттүү келечек коомдук фонду, аймактык директор;
  126. Ажимудинов Кадырбек Карачбекович, 1974, жумушсуз;
  127. Токтогонова Эркесия Элкинбековна, 1998, жумушсуз;
  128. Талантбек кызы Нурзаада, 1994, жумушсуз
  129. Шеринбекова Сайкал Бейшеновна, 1995, жумушсуз;
  130. Жөжөбаев Темирлан Айтмаматович, 1992, жумушсуз;
  131. Молдокулова Алия Муратовна, 1986, "Таргет Логистик" ЖЧКсы, менеджер;
  132. Мырзахматова Нуржамал Садыкалыевна, 1998, жумушсуз;
  133. Тохтасинов Батырчан Алимжанович, 1972, жумушсуз;
  134. Турманидзе Завурбек Салиевич, 1981, жумушсуз;
  135. Халдин Александр Олегович, 1979, жумушсуз;
  136. Ураимова Шазатхан Назаралиевна, 1965, жумушсуз;
  137. Зайырова Айсалкын Аскарбековна, 1972, жумушсуз;
  138. Кайназарова Курманбүү Мамбеталиевна, 1989, жумушсуз;
  139. Голубев Сергей Леонидович, 1980, жумушсуз;
  140. Сабаева Чолпон Акылбековна, 1989, жумушсуз;
  141. Маданбекова Сейиль Рыспековна, 1984, жумушсуз;
  142. Анищенко Ольга Викторовна, 1959, жумушсуз;
  143. Сейитов Бакыт Усенович, 1987, "Ингосстрах" компаниясы, көзөмөл кызматынын жетекчиси;
  144. Бекжанова Айсалкын Борукчуевна, 1989, жумушсуз;
  145. Шайымкулова Зиядат Кадыралиевна, 1972, жумушсуз;
  146. Маматов Нурханбек Маматович, 1969, ОшМУ, ага окутуучу;
  147. Клименко Илья Петрович, 1956, жумушсуз;
  148. Дадажанова Дилноза Абдрашитовна, 1997, жумушсуз;
  149. Алымбеков Дастан Алымбекович, 1999, БШК, жетекчинин катчысы;
  150. Годунова Елена Владимировна, 1985, жумушсуз.
483
Белгилер:
тизме, БШК, талапкер, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020 (17)
Тема боюнча
Парламенттик шайлоо: БШК эл аралык 25 байкоочуну каттады
Украинада аскер учагы кулады

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

104
(жаңыланган 01:46 26.09.2020)
Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Украинанын Харьков облусунда Ан-26 деп аталган аскер учагы кулады. Андан каза болгондор жана жабыркагандар бар. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына таянып кабарлады.

Кырсыктын видеосу басылманын Telegram -каналына жарыяланган.

​"25-сентябрь күнү кечинде Харьков облусунда Украинанын аскер-аба күчтөрүнө тиешелүү болгон АН-26 учагы кырсыктады. Учак жерге коноюн деп жатканда кулаган. Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу. Арасында каза болгондор, жабыркагандар бар. Маалымат такталып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, учак кырсыгынан 23 адам каза болуп, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтар боюнча жеринде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кырсык болгон жерге чыгып кеткени кабарланды.

104
Белгилер:
өрт, кырсык, учак, Харьков, Украина
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео
14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео
Ош облусунун жашоочулары. Архивдик сүрөт

Аймактарда коронавирус көп катталууда. Себебин жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрдү

118
(жаңыланган 23:25 25.09.2020)
Коронавирус боюнча статистиканын төмөндөгөнүнөн бир ай өтпөй өлкөдө кайра илдет илештирген жаңы учурлардын саны өсүп баштады. Азыркы тапта коронавирус көп аныкталып жаткан аймактарда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Акыркы эки күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүп кетти. Кечээ 127 адамдан COVID аныкталса, бүгүн Республикалык штаб 175 адам вирус жуктуруп алганын кабарлады. Статистикада жазылгандай, ооругандардын басымдуу бөлүгү аймактарда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы коронавирус көп катталып жаткан аймактардагы абалды билип, жергиликтүү дарыгерлер менен сүйлөштү.

Ош облусу

Өткөн суткаларда коронавирус Кыргызстандын түштүк аймактарында көп катталган. Алсак, 25-сентябрга карата Ошто 50 кишиден вирус табылды. 31-август менен салыштыра турган болсок, ал күнү аталган аймакта алты гана кишиден коронавирус табылган.

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов коронавирустун белгилери менен ооруканага кайрылгандардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Директор Ноокатской территориальной больницы Асамидин Марипов
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов
"Акыркы жумада кайрылгандардын саны өстү. Биз болжонуп жаткан экинчи толкунга оорукананы даярдап, дары-дармектин корун камдадык. Бирок маселе башкада. Азыр мурдагыдай алгоритм жок. Анда эпидиликтөө жүргүзүлүп, оорулуу менен байланышта болгондун баарын таап, обсервацияга жаткырчу. Мындай жол менен илдеттин жайылышын аз да болсо алдын алганбыз. Азыр оорулуу менен байланышта болгондор табылган күндө деле үйдө изоляцияга жөнөтүлүүдө. Бирок аны канчасы аткарып жатканын кайдан билебиз. Айрымдар эрежелерди эске алып да койгон жок", — деди Марипов.

Анын айтымында, райондогу оору жуктургандардын үчтөн эки бөлүгү үйдөн дарыланып жатышат. Калгандары ооруканага жаткырылууда. Марипов мамлекет үй карантинине жиберилгендерди көзөмөлдөө үчүн бийлик натыйжа берген ыкмаларды ойлоп табышы керектигин кошумчалады.

Өпкө жабыркай баштаганда алгач кандай белги берет? Адистин жообу

Жалал-Абад облусу

Өткөн сутканын ичинде Жалал-Абад облусунда 22 кишиден коронавирус аныкталган. Ошол эле мезгилде 10 киши дартты жеңгени айтылды. Белгилей кетсек, март айында өлкө ичинде биринчилерден болуп дал ушул аймактан коронавирус катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин аталган аймактагы координатору Замира Чойбекова бийлик азыр стационарлар менен мобилдик бригадалардын ишин кайра жандантуу боюнча маселени карап жатканын билдирди.

"22 учурдун 10у лабораториялык жактан такталды. Бактыга жараша, алардын ичинен тогузунун абалы орто жана жеңил формада өтүүдө. Бир бейтап болсо ооруканадан дарыланып жатат. Пневмонияга кабылган 12 адам дагы ооруканага жаткырылды. Азыр базар, дүкөндөр иштеп, тойлор башталгандыктан, адамдар вирусту кайдан жуктуруп алганын билбей калып жатышат", — деди Чойбекова.

Ал коронавирус жуктуруп үйлөрүнө дарыланууга кеткен бейтаптарга дарыгерлер бардык инструкцияны түшүндүрүп жатканын айтып, бирок аларды дайыма көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.

"Оорунун очогу деле боло элек. Ар кайсы айылдан бирден-экиден кишиде вирус табылып жатат. Эгер алардын үй-бүлөсүндөгү бирөө жарымдан вирус чыкса, анда алар изоляция эрежесин сактабай эле жүргөндөн кабар берет", — деди министрликтин аймактагы координатору.

Баткен облусу

Эгер Баткен облусундагы калктын саны менен карай турган болсок, кооптуу кырдаал дал ушул аймакта байкалууда. Анткени бир сутканын ичинде эле Баткенде 41 кишиден коронавирус табылганы маалымдалды.

Экинчи толкун башталдыбы? COVID боюнча дүйнөдөгү азыркы абал

Баткендеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Асел Кошбаеванын айтымында, аймакта коронавирус менен ооругандар көп.

"Облус боюнча ар бир короону текшерип жатабыз. Мисалы, Кадамжайда 1 202 киши медициналык кароодон өткөрүлүп, анын 27синин дене табы жогору экени аныкталды. Коронавирустун белгилери байкалганда ооруканага өздөрү кайрылгандар бар, айрымдар үйлөрүнөн эле дарыланып жатат. Оорулуу адамдар менен байланышта болгондордун арасынан да коронавирус табылып жатат. Буга чейин биз бийликке ири базарларды жабуу сунушун киргизгенбиз, бирок ал аткарылган жок",— деди Кошбаева.

Ал эпидемиологдор азыркы кырдаалды эске алып, облусту карантиндик зоналарга бөлүп, чектешкен жерлерине блокпостторду коюуну көздөп жатканын кошумчалады.

Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

Өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун бийлиги бет кап тагынуу режимин күчөтүү чечимин кабыл алды. Бишкекте да санитардык көзөмөл күчөгөнүн мэрия жар салды.

Мындан сырткары, коронавирус жуктурган жаңы учурлар көп каттала баштагандыктан бүгүн Республикалык штаб шашылыш жыйын өткөрдү.

118
Белгилер:
экинчи толкун, статистика, дарт, оору, аймак, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде пневмония кайрадан баш көтөрүүдө. Акыркы суткадагы сандар