Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы орто мектепте Россия Федерациясы тарабынан берилген китептер

Россия Оштогу мектептерге орус тилиндеги 10 миң китеп берди. Сүрөттөр

115
(жаңыланган 20:41 09.09.2020)
Жардам катары берилген китептер Ош шаары жана Ош облусундагы мектептердин 11-класстарынын окуучуларына берилет.

ОШ, 9-сен. — Sputnik. Бүгүн, 9-сентябрь күнү, Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы орто мектепте Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстанга жардам катары берилген 10 600 даана окуу китебин тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу РФтин аталган калаадагы башкы консулу Роман Свистин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • Вручение Российской Федерацией 10 600 книг школе имени Исхака Разакова в городе Ош
    Бүгүн, 9-сентябрь күнү, Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы орто мектепте Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстанга жардам катары берилген 10 600 даана окуу китебин тапшыруу аземи өттү
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Вручение Российской Федерацией 10 600 книг школе имени Исхака Разакова в городе Ош
    Иш-чарага аталган консулдуктун өкүлдөрү жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Вручение Российской Федерацией 10 600 книг школе имени Исхака Разакова в городе Ош
    Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиргендей, аталган окуу китептери Ош шаарынын жана облусунун окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерине берилет
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Вручение Российской Федерацией 10 600 книг школе имени Исхака Разакова в городе Ош
    Ош шаарындагы орус тилдүү мектептери окуу китептери менен жалпы 70 пайызга гана камсыздалган.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Бүгүн, 9-сентябрь күнү, Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы орто мектепте Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстанга жардам катары берилген 10 600 даана окуу китебин тапшыруу аземи өттү

Иш-чарага аталган консулдуктун өкүлдөрү жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Свистиндин берген маалыматына ылайык, өкмөттүн Ош облусундагы мурунку ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев 2019-жылдын март айында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Орус-кыргыз аймактар аралык 8-конференциясында Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев менен байланышып, Ош облусундагы орус тилдүү мектептерди орус тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Жаңы чыккан 12 миң окуу китеп кайсы аймактарга бөлүндү? Тизме

Куйвашев Жылкыбаевдин өтүнүчүн кабыл алып, 11-класстар үчүн физика жана биология предмети боюнча окуу китептери жардам катары жиберилген. Ага жалпы 4.5 миллион рубль жумшалган.

"Бүгүн аталган окуу китептерин Ош шаардык билим берүү башкармалыгына тапшырдык. Бул эки өлкөнүн аталган облустарынын ортосунда демилгеленген алгачкы долбоор болуп саналат. Мен облустар аралык карым-катыш мындан ары да уланат деген ишеничтемин. Себеби Свердлов облусунун илим жаатындагы дарамети бир гана Ош облусун гана эмес, Жалал-Абад, Баткен облустарын колдоого да жетет деп ишенем", — деди Свистин.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиргендей, аталган окуу китептери Ош шаарынын жана облусунун окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерине берилет.

Ош шаарындагы орус тилдүү мектептери окуу китептери менен жалпы 70 пайызга гана камсыздалган.

Калаада окутуу орус тилинде жүргөн 15 мектеп бар.

115
Белгилер:
белек, Ош, китеп, Россия
Тема боюнча
Караколдо "Россиянын гуманитардык миссиясы" орус тил кабинетин ачты
Үйдө өмгөктөп окуган балдар. Министрлик сүрөттүн чоо-жайын тактап жатат
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

22
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

22
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды

Москвада көпүрө кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктардын абалы айтылды. Сүрөт

45
(жаңыланган 22:47 01.10.2020)
Кыргызстандын Россиядагы элчиси көпүрө кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан 51 кыргыз жараны жабыркаган
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    Анын 22си медициналык кароодон кийин үйүнө жиберилген
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    Каза болгондор катталган эмес
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
  • Посол КР в РФ Аликбек Джекшенкулов посетил пострадавших при обрушении моста на подмосковном предприятии
    29 адам ооруканага жактырылган, бирөөнүн абалы өтө оор, дагы эки мекендештин абалы оор деп айтылган.
    © Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
1 / 5
© Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в России
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган кыргызстандыктардын абалынан кабар алды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан 51 кыргыз жараны жабыркаган. Анын 22си медициналык кароодон кийин үйүнө жиберилген. Каза болгондор катталган эмес. 29 адам ооруканага жаткырылган, бирөөнүн абалы өтө оор, дагы эки мекендештин абалы оор деп айтылган. Үч адамга операция жасалган. Ооруканага жаткырылгандардын арасында 16 жаштагы кыргызстандык бар.

“Домодедово ооруканасынын башкы дарыгери мээсине кан кетип, катуу жабыркаган 24 жаштагы Ч.К. аттуу жаранды дарылоого өзгөчө көңүл буруларына ишендирди. Анын абалы туруктуу оор. Жандандыруу бөлүмүнөн өзгөчө ыңгайлуу палатага которулган. Элчилик учурда анын апасын жана карындашын Россияга алып келүү боюнча иштеп жатат. Алардын жолго кеткен чыгымы жумуш берген компаниянын эсебинен болот”, — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти

Балдар хирургиясынын бөлүм башчысы 16 жаштагы М.А. аттуу жаранды дарылоо үчүн зарыл болгон бардык аракеттер көрүлгөнүн, учурда ал өзүн жакшы сезип калганын билдирген. Анын билеги жана жамбаш сөөгү сынып ооруканага түшкөн. Операция ийгиликтүү жасалып, өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык экени айтылды. Кеткен медициналык чыгымдарды жумуш берген компания төлөгөн.

Элчи жабыркагандардын баарына кенемте төлөтүү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айткан. Анын билдиришинче, россиялык компания жабыркагандарды дарылоого кеткен чыгымды төлөөгө кепилдик кат жазып берген. Мындан сырткары, элчилик менен жабыркаган мигранттар үзгүлтүксүз байланышта болуусу үчүн соцтармакта жалпы топ түзүлгөн.

45
Белгилер:
Кыргызстан, мигранттар, Подмосковье, Россия, кырсык, көпүрө
Тема боюнча
Элчилик: компания көпүрө урап жабыркаган КР жарандарынын бүт чыгымын төлөйт