Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда авиакаттам жанданат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн ТИМ башчылары рейстерди калыбына келтирүүдөн тышкары коронавируска каршы биргелешкен аракеттер тууралуу сүйлөшүшкөн.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эл аралык каттамдар калыбына келерин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 9-сентябрда, Москва шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.

Айдарбеков коронавируска каршы биргелешкен аракеттер ийгиликтүү болгонун белгилеп, кыргызстандыктарды мекенге кайтарууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Кыргызстан дагы эки өлкө менен авиакаттамын жандантты

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү тууралуу кеп кылып, Казакстан тарап бул жаатта оң чечим кабыл алынганын кабарлаган. Мындан сырткары, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү бекеттери иштей баштаары айтылган.

Өзгөчө көңүл эл аралык жана регионалдык кызматташтыкка, анын ичинде БУУ жана ЕАЭБ алкагындагы маселелерге бурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0