Бир суткада коронавирустан 151 бейтап айыгып, кайра 71 адам жуктурду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Медиктердин ичинен бирөө вирус илештирип алганы айтылды.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 151 адам айыкса, кайра 71 киши вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):

  • Бишкек — 92;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй облусу — 6;
  • Ош облусу — 8;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 23;
  • Жалал-Абад облусу — 9;
  • Баткен облусу — 8.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 15;
  • Ош — 1;
  • Чүй облусу — 4;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 15;
  • Баткен облусу — 19.

Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан каза болгон учур катталган жок.

Адис: COVID-19дан кийинки стресс узагыраак болот

Жалпысынан COVID-19 жуктургандардын саны 44 684кө жетсе, анын ичинен 40 487 бейтап ооруну жеңди. Учурда стационарларда 532 адам дарыланып жатат. Ал эми 2 260 киши медициналык жардамды үйдөн алып жатканы кошумчаланды.

Өткөн суткада коронавирус бир медиктен табылган. Ошол эле учурда 19 медкызматкердин илдетти жеңип чыкканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0