Казакстан менен Өзбекстанга болчу аба каттамдары качан жанданары айтылды

© AFP / PATRICK BAZАлмата шаарынын аэропорту. Архив
Алмата шаарынын аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба багыттар  алгач Ташкентке жумасына бир, Алматыга жумасына эки жолу учуп, алардын саны акырындап көбөйтүлөт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү кошуна Казакстан жана Өзбекстан менен авиакаттамдарды ушул айда жандандырууну пландап жатканын Республикалык штабдан кабарлашты.

Учурда 14-сентябрдан тарта Ташкент — Бишкек — Ташкент, ал эми 17-сентябрдан баштап Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча туруктуу учуучу каттамдарды ишке киргизүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

"Бул багыттар боюнча авиакомпаниялар тарабынан авиабилеттер сатыла баштады. Каттамдар Ташкентке жумасына бир жолу жана Алматыга жумасына эки жолу ишке ашып, алардын саны кийин көбөйтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты

Коронавирус пандемиясынан улам аталган өлкөлөр менен байланыш токтотулган. 7-августтан тарта, өкмөт Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) менен туруктуу авиакаттамдарды жанданткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0