Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив

Россиянын алдыңкы ЖОЖдоруна кантип өтүү керек? Пайдалуу портал

83
(жаңыланган 18:23 10.09.2020)
Сернецкийдин айтымында, онлайн-акцияга катышуу үчүн каттоо атайын порталда ачылган. Каалоочулар порталдан Россиянын алдыңкы окуу жайларындагы суроо-талапка ээ кесиптер тууралуу толук маалымат ала алышат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. 10-сентябрдан тарта Кыргызстанда алгачкы ирет "Кесип тандоо менен келечегиңди тандайсың!" аттуу билим берүү боюнча онлайн-акция башталат. Иш-чара Россиянын алдыңкы университеттеринин катышуусу менен өтөт. Бул тууралуу "Единство" коомдук фондунун директору Олег Сернецкий билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу жана КР студенттеринин тандоосу" видеокөпүрөсүнүн алкагында сүйлөдү.

Сернецкийдин айтымында, онлайн-акцияга катышуу үчүн каттоо атайын порталда ачылган. Каалоочулар порталдан Россиянын алдыңкы окуу жайларындагы суроо-талапка ээ кесиптер тууралуу толук маалымат ала алышат. Мындан сырткары, Россиядагы ЖОЖдорго кыргызстандыктар кантип өтө алары тууралуу да жазылган.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып...

"Биз билим берүү боюнча порталды иштеп чыктык. Бир жылдын ичинде ал окуучулар жана алардын ата-энелери үчүн керектүү маалыматтар менен толукталат. Ошол жактан биз Россиянын алдыңкы окуу жайларынын өкүлдөрү менен вебинарларды өткөрөбүз. Аралыктан бүтүрүүчүлөргө да, педагогдорго да мастер-класстар болот. Алардын видеолору кайра сайтка жарыяланып турат", — деди ал.

Билим берүү жаатындагы акцияга Россиянын престиждүү делген окуу жайлары катышат. Алардын бүтүрүүчүлөрү эмгек рыногунда ар дайым суроо-талапта. Мындай ЖОЖдордун катарында Санкт-Петербург, Томск мамлекеттик университеттери бар. Ошондой эле Мудрый атындагы Новгород мамлекеттик окуу жайы, радиоэлектроника жана башкаруу системасы боюнча Томск университеттери бар. Окуу жайларды толугу менен порталдан тапса болот.

Сернецкий окуучулар болочокто ким болгусу келерин канчалык эрте аныктаса, окуу жайга тапшыруу ошончо ийгиликтүү болорун кошумчалаган.

Видеокөпүрөнүн алкагында Россия окуу жайларынын өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташтык тууралуу айтып, кыргызстандык студенттердин жогорку деңгээлдеги даярдыгын белгилешкен.

83
Белгилер:
студент, видеокөпүрө, Россия, Кыргызстан, окуу жай
Тема боюнча
Кыргызстанда орто кесиптик билими бар кайсы адистер жумушсуз калбайт
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

20
(жаңыланган 10:25 28.09.2020)
Кечээ Москва облусундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан ондогон кыргызстандык жабыркаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

20
Белгилер:
тапшырма, жардам, мекендештер, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Боронов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө
Киши көкүрөгүн кармап турат. Архив

Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды

71
(жаңыланган 09:59 28.09.2020)
Инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Ошондой эле кан басымын өз чегинде кармоо зарыл.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казань медициналык университетинин доценти, неврология кафедрасынын жетекчиси Рустем Гайфутдинов жакындап келе жаткан инсульттун алгачкы жана байкала бербеген белгилерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистин пикиринде, инсульттун көпчүлүккө белгилүү беттеги симметриянын жоголушу, сүйлөөнүн бузулушу сыяктуу белгилеринен тышкары төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл:

  • кан басымынын 220дан жогорулап кетиши;
  • жаак, тил жана манжалардагы сайгылашуу же эч нерсени сезбей калуу;
  • колдордун жакшы иштебей калышы;
  • көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • баш ооруп, көңүл айнуу.

Ошондой эле инсульт болоруна аз калган кишинин башы айланып, кыймыл-аракети өтө жай болуп калат. Айрым учурда айланадагы нерселер көзгө кош кабат болуп көрүнө баштайт.

71
Белгилер:
оору, белги, инсульт
Тема боюнча
Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды
Дарыяда издөө иштери. Архив

Porter менен Ак-Буурага түшүп кеткен 4 жаштагы баланын сөөгү табылды

0
(жаңыланган 10:34 28.09.2020)
Куткаруучулар наристенин сөөгүн эки жумадан бери издеп жаткан. Сууга кулаган унаадагы дагы бир киши көз жумса, бирөө аман калган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Оштогу Ак-Буура дарыясына кулап кеткен унаадагы төрт жашар баланын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске сала кетсек, 14-сентябрда Ноокат районунун Күндүү Дөбө айылында Ак-Буура дарыясына Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа кулап кеткен. Унаанын ичиндеги үч кишинин бирөө каза тапса, бирөө аман калган, ал эми төрт жаштагы бала изделип жаткан.

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү 41 күндөн кийин табылды

Кечээ, 27-сентябрь күнү, эртең менен Ноокат райондук №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери издөө иштерин уланткан. Натыйжада саат 16:40тар чамасында жаш баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

0
Белгилер:
өлүм, издөө, бала, Ак-Буура, Ош, ӨКМ
Тема боюнча
Ош: бала аман-эсен табылды. Бөбөктү каналга түшүп кетти дешкен