Ресторанда эс алгандар. Архивдик сүрөт

Кафе-ресторандарда 100 кишиге чейин отурууга уруксат берилиши мүмкүн

164
(жаңыланган 18:45 10.09.2020)
Учурда коомдук тамактануу жайларында эң көп дегенде 50 конок болушу керек. Клубдар менен көңүл ачуу борборлордун иштешине алигиче уруксат бериле элек.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб кафе жана ресторандарга 100 кишиге чейин кардарды кабыл алууга уруксат бериши ыктымал.

Өкмөттүн токтом долбоору Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган. Эске салсак, коомдук тамактануу жайларында эң көп дегенде 50 конок болушу керек. Клубдар менен көңүл ачуу борборлордун иштешине азырынча уруксат бериле элек.

Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты

19-августта штаб министрликке отура турчу жерлерди 50дөн 100гө чейин көбөйтүп, чектөөлөрдү азайтуу маселесин карап чыгууну тапшырганы белгиленет. Мындан тышкары, соода борборлорунда тамактануучу жерлерди ачуу сунушталган. Ошондой эле министрликке спорттук турнирлерди таза абада өткөрүү вариантын карап көрүү тапшырылган.

Азырынча документтин долбоорунда коомдук тамактануу жайларында орундарды 100 адамга чейин көбөйтүү жана турнирлерди эшикте уюштурууга уруксат берүү сунушталган.

Ошол эле учурда бийлик той-аш, майрамдарды өткөрүүгө тыюу салып, социалдык аралыкты сактоону талап кылууда.

164
Белгилер:
кардар, ресторан, кафе, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2263)
Тема боюнча
Боронов эрежени сактабай эл чогулткан кафе-ресторандарды жабууну сунуштады
Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак

Мэрия: Маданият министрлигине кайра айып салынды

5
(жаңыланган 18:38 29.09.2020)
Жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси ("Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу") боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Дайверлер Ысык-Көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды алып чыгышты. Сүрөт

Мусор в парке имени Кычана Джакыпова на пересечении улиц Ю. Абдрахманова и Мичурина в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Нарушение чистоты в парке им. Джакыпова в Бишкеке

Айып Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан салынган. Маалыматка караганда, көпчүлүк жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн. 

Мусор в парке имени Кычана Джакыпова на пересечении улиц Ю. Абдрахманова и Мичурина в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Нарушение чистоты в парке им. Джакыпова в Бишкеке
"Санитардык инспекциянын өкүлдөрү жерине барып парктын аймагы чын эле каралбай калганына күбө болушкан. Буга байланыштуу министрликке карата эскертүү берилген. Бирок коомдук жай дагы деле иретке келтирилген жок. Ошондуктан 293-берене боюнча протокол түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия элди таштанды ыргытпоого чакырып, ишканасынын, үйүнүн айланасын таза кармоону суранды.

5
Белгилер:
Маданият министрлиги, тазалык, Бишкек мэриясы
Суу өчүрүү убагында. Архив

Бишкектеги эки конушта 1-октябрь күнү суу болбойт

27
(жаңыланган 17:09 29.09.2020)
Калаа тургундары суу боюнча суроолор жаралса бирдиктүү 1533 номерине чала алышат. Мындан сырткары, мэриянын 1840 жана 1850 линиясы иштеп жатат.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Кышка даярдык көрүү үчүн суу түтүктөрү оңдолуп жаткандыктан 1-октябрда Бишкектеги Ынтымак менен Арча-Бешик конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ичүүчү суу эртең мененки саат 9.00дөн кечки саат 18.00гө чейин болбойт. Белгилей кетчү жагдай, Арча-Бешик конушунун биринчи көчөсүнөн жетинчи көчөсүнө чейинки гана бөлүгүндө суу жок болуп, башка жактарында үзгүлтүккө учурабайт.

Кезекке турсаңыз болот! Бишкектин чок ортосуна жаңы бала бакча ачылды. Сүрөт

Калаа тургундары суу боюнча суроолор жаралса бирдиктүү 1533 номерине чала алышат. Мындан сырткары, мэриянын 1840 жана 1850 линиясы иштеп жатат. Көйгөйлөр боюнча сүрөт, видеолорду 0554 182-185 WhatsApp номерине жөнөтүүгө болот.

27
Белгилер:
жаңы конуштар, таза суу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Мамкаттоо айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзгөн жаңы сервис иштеп чыкты