Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сүрөт

Боронов эки күн Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорун кыдырат

62
Өкмөт башчы аталган райондордогу социалдык объектилердин курулушун, ички жолдорду реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкмакчы.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов 11-12-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусуна бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өкмөт башчы Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорунда болуп, социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Жээнбеков Кара-Сууга барып пахта талаасын кыдырды. Сүрөт

Мындан тышкары, кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышары айтылды.

62
Белгилер:
иш сапар, Ала-Бука району, Аксы, Чаткал, Жалал-Абад, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Душман кете элек! Боронов COVID кесепети боюнча элге кайрылды. Видео
Боронов Кыргызстанга келген гриппке каршы вакциналардын баасын ачыктады
Модель көргөзмө учурунда. Архив

60 жаштагы модель жаштык сырлары менен бөлүштү

4
(жаңыланган 09:03 30.09.2020)
Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн билдирген. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 60 жаштагы англиялык ишкер аял, интерьер дизайнери жана модель Шери Дэвенпорт Daily Mail агенттигине жаштык сырлары менен бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалым болгондой, Шери этек кири биротоло токтогондон кийин тамактануу рационун өзгөртүп, тамак-аш кошулмаларын колдоно баштаган. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону таштаган эмес.

"Азыр өзүмдү 50 жаштагыдан да жакшы сезем. Мен гормон алмаштыруу терапиясынан баш тартып, анын жөнөкөй жолун таптым. Тагыраагы, өсүмдүк экстрактынан жасалган дарыларды колдоно баштадым. Мындан сырткары, кофеин, ичимдик, кумшекерди рациондон чийип салгам. Кызыл эт, тоок этин да жебейм, балыкты гана пайдаланам. Косметологго барып, сапаттуу гана косметикаларды колдоном. Сөөк, муундар бекемдесин деп тамак-аш кошулмаларын алам. Ар таңда медитация жасап, андан кийин спорт менен машыгам. Сальса дагы бийлейм", — деген ал.

Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн кошумчалаган. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

Ишкер аялдын учурда башы бош. Ал бир баланын апасы, эки неберенин чоң энеси. Уулу 39 жашта.

4
Белгилер:
дизайнер, сыр, сулуулук, жаштык, модель, Англия
Тема боюнча
Жаштык жана сулуулукту көпкө сактоочу азык айтылды
Паста. Архив

Бөдөнөнүкү пайдалуу. Чийки жумуртка кошулган тамактын кооптуулугу айтылды

19
(жаңыланган 08:31 30.09.2020)
Адистин айтымында, чийки жумуртканын курамында ууланууга алып келүүчү сальмонелла бактериясы болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 30-сен. – Sputnik. Ресторандагы карбонара пастасы, тирамису десерти жана курамына чийки жумуртка кошулган тамактар кооптуу болот. Мындай пикирди ветеринар-дарыгер Алексей Кухно ForPost порталына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.

Анын белгилешинче, чийки жумуртканын курамында ууланууга алып келүүчү сальмонелла бактериясы болушу ыктымал. Адис мындан көрө тамак даярдоодо бөдөнөнүн жумурткасын пайдаланууну сунуш кылат. Ал кооптуу инфекциянын болушун жокко чыгарат.

Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди

"Бөдөнөнүн дене табы жогору, 40 градустан ашык болгондуктан, алар сальмонеллез илдети менен оорубайт. Эгер патоген (оорунун козгогучу) организмге кирип калса, анда ал жашап кете албайт", — деген Алексей Кухно.

Ошондуктан дарыгер коомдук тамактануу жайларында жогоруда кооптуу деп айтылган тамак-аштарга буюртма берүүдөн карманууга чакырат.

19
Белгилер:
кооптуулук, уулануу, ден соолук, тамак-аш
Тема боюнча
Чөнтөккө да күч келбейт, ден соолукка да пайдалуу. Диетолог 7 азыкты санады