Сот залындагы айыпталуучу. Архив

Атасын жер каратып... Чиновник, саясатчылардын кылмышка аралашкан балдары

802
(жаңыланган 13:55 11.09.2020)
Акыркы күндөрү эл көзүндөгү эле адамдардын уулдары аралашкан чуулуу окуялар коомчулуктун көңүлүн бурууда. Буга байланыштуу элге таанымал кишилердин балдары кандай окуяларга туш болгонуна көз чаптырдык.

Жакында эле Болгарияда алдамчылыкка шектелип жүргөн Данияр Ибраев аттуу кыргыз жаранын экстрадициялоо процесси башталды. Милицияга бир нече курулуш компаниясы кайрылып, Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ири суммадагы каражат алып кеткенин айтышкан. Анын жети адамдан ири суммадагы акчаны алдап алганы аныкталган. Бишкек ШИИБ материалдык чыгымдын жалпы суммасы 507 352 049 сомду түзөрүн билдирген.

Интернет колдонуучулар Данияр Ибраев  Жогорку Кеңештин депутаты, парламент аппаратынын экс-жетекчиси Саматбек Ибраевдин уулу экендигин жазууда.

Кечээ, 10-сентябрда, милиция шаардын четиндеги автоунаа токтотуучу жайдан каракчылыкка шектелген кишини кармаган. Айрым ЖМКлар укук коргоо органдарына таянуу менен ал Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун уулу экендигин билдиришти.

Акаевдер

Он беш жыл мурда Жогорку Кеңеште чуу чыккан. "Алга, Кыргызстан!" партиясына Аскар Акаевдин уул-кызы Бермет менен Айдар кошулуп, ар кайсы округдан парламентке өтүшкөн. Айдар депутат болгондон кийин ЖКга бир гана жолу — эл өкүлү деген күбөлүктү аларда келген.

2001 — близкие Акаева — супруга Майрам, дочь Бермет с мужем Адилем Тойгонбаевым и сын Айдар — становятся владельцами многих прибыльных предприятий в КР, не гнушаясь рейдерских захватов
© Фото / Владимир Пирогов
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев, жубайы Майрам, кызы Бермет жана уулу Айдар

2005-жылдагы шайлоо дагы революциянын себептеринин бири катары эсептелип, Айдар жана Бермет Акаевдер мандатынан ажыраган. Мурунку президент үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Сын первого президента Кыргызстана Айдар Акаев дает присягу в парламенте. 22 марта 2005 года
© AFP 2020 / TALANT SHABIYEV
Айдар Акаев

Айдар Акаевге төрт кылмыш иши козголуп, келтирген зыяны 3 миллион долларга бааланган. Анын күнөөсү дагы 11 иш боюнча аныкталган. Башкы прокуратура үй-бүлө мүчөлөрүнүн кээ бирлерин камакка алуу чечимин чыгарса, Айдар Акаевге жана эжеси Берметтин мурдагы жолдошу Адил Тойгонбаевге, ошондой эле башка туугандарына эл аралык издөө жарыялаган. Бирок Айдар Акаев быйыл 5-февраль күнү Москва шаарында 44 жашында каза тапты.

Дочь первого президента Кыргызстана Бермет Акаева дает присягу в парламенте. 22 марта 2005 года
© AP Photo / TALANT SHABIYEV
Бермет Акаева

Бермет Акаева 2007-жылы кайрадан депутат болууга аракет кылган, бирок элдин нааразычылыгынан улам сот оң чечим чыгарган эмес. Ортодо ага дагы кылмыш иши козголуп, бирок кийин тастыкталган эмес. Учурда Акаева чет мамлекетте турат, былтыр Кыргызстанга келип кеткен.

Бакиевдер

Качкын президент Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат УКМК төрагасынын орун басары болуп иштеген. Кийин ал сыртынан 27 жылга эркинен ажыратылган. Учурда үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт.

Экс-президент Киргизии Курманбек Бакиев на пресс-конференции в Минске.
© Sputnik / Андрей Александров
Качкын президент Курманбек Бакиев

Экинчи баласы Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти (ЦАРИИ) жетектеген. Ал дагы сыртынан ар кыл иштер боюнча бир нече жылга, анын ичинде өмүр бою да эркинен ажыратылган. Далилденген айыптардын арасында келишимге кол коюуга мажбурлоо, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу, опузалоо жана каражат чыгарып кетүү да бар.

Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар

2012-жылы Максим Бакиевди АКШ "баалуу кагаздар менен алдамчылык кылган" деп айыптап, Лондондо кармашкан. Бакиев биринчи сот отурумуна чейин күрөө менен бошотулган. Учурда ал дагы деле эркиндикте жүрөт.

Сын беглого президента Курманбека Бакиева — Максим Бакиев.
© AP Photo / Sultan Dosaliyev
Максим Бакиев

Башкы прокуратура Бакиевдерди өлкөгө кайтаруу боюнча иш алып барып жаткандыгын бир нече жолу билдиргени бар.

Муралиев

Мурдагы премьер-министр, "легендарлуу" парламенттин депутаты Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевди 2014-жылы УКМК кармаган. Ал ошондо өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген турган. Муралиевдин уулун коопсуздук кызматы "Чет өлкөлүк уюмдарга кызматтык жашыруун сыр жеткирүү максатында маалымат жыйноо же чогултуу" беренеси боюнча айыптаган. Тагыраагы, ал "жашыруун" мөөр белгиси коюлган документтердин көчүрмөлөрүн чет өлкөлүк жарандарга берип жүргөн.

Государственный деятель, экс-премьер-министр КР Амангелди Муралиев
© AFP 2020 / KAZUHIRO NOGI
Мурдагы премьер-министр, "легендарлуу" парламенттин депутаты Амангелди Муралиев

Муралиев 2016-жылы мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн 12 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү камакка алынган.

Депутаттын баласы контрабандага аралашып...

2012-жылы кыргызстандыктар УКМКнын ошол кездеги башчысы Шамил Атахановдун билдирүүсүн катуу талкуулашкан. Ал Акылбек Маматов (парламент депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу) күйүүчү-майлоочу майды аткезчилик менен ташып жүргөнүн айткан. Атахановдун билдиришинче, бажы төлөмдөрү убагында берилбегендиктен, мамлекетке 22 миллион сомдон ашык зыян келген. Бирок Маматов "күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурган".

Депутат Жогорку Кенеша от фракции Ата Мекен Абдимуктар Маматов во время заседания
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
ЖК депутаты Абдимуктар Маматов

Аткаминердин алдамчылыкка шектелген уулу

Мындан төрт жыл мурда Финпол тарабынан Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековдун баласы Тимур Тойчубеков кармалган. Ал россиялык банктардын биринен ири суммада мыйзамсыз акча алган деп шектелген.

Бывший глава госфиннадзора Оруслан Тойчубеков. Архивное фото
пресс-служба ЖК КР
Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубеков

Финполдун маалыматы боюнча, ал өзүнүн фирмасынын жетекчиси катары башка компания менен биргеликте банктан 12 пайыздык үстөк менен 500 миң доллар насыя алууда ачык акционердик коомдун жер тилкесин жана акцияларын күрөөгө койгон. Андан кийин эки фирманын жетекчилери акчаны алары менен кредит боюнча келишим мыйзамсыз деген Бишкек райондор аралык соттун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберген. ЖМКлардын жазышынча, райондук сот Тойчубековду кылмышка катышкандыгы боюнча далилдердин жоктугуна байланыштуу актаган.

Катын албай, кайын ал! Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын күйөө балдары

2015-жылы Тимур Тойчубековдун атасы Юруслан Тойчубеков "Элдик лотереяга" байланышкан чырдан улам Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчилигинен бошотулган. Тойчубековдун жактоочусу ал чет жакка дарыланганы кеткенден кийин кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айтып келет.

Депутаттын уулу жемкорлуктан улам кесилген

2012-жылы парламент депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар алдамчылыкка жана коррупцияга шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Бишкектин чок ортосундагы имаратты рейдерлик жол менен басып алууга аралашкан.

Бир жылдан кийин райондук сот Элдар Мадылбековду тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ал документтерди жасалмалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган. Шаардык сот Элдар Мадылбековду үч эпизоддо, анын ичинде жасалма документтер боюнча жоопкерчиликтен бошотуп, жаза мөөнөтүн кыскарткан. 2014-жылы сот аны шарттуу түрдө бошотуу чечимин чыгарган. Ошол учурда атасы Мадылбеков уулун толугу менен актоого аракет кыларын айткан болчу.

Кыргызстан саясатчы аткаминер уул бала кылмыш кармоо

802
Тема боюнча
Депутат, мэр, миллиардер... Борбор Азия ажолорунун уул-кыздары эмне иш кылат
Кыз алышып-беришкен саясатчы кудалар. Депутаттардан президенттерге чейин
Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар. Архив

Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар

13
(жаңыланган 20:23 24.09.2020)
Жогорку Кеңештин депутаттарын канча адам шайлай алары белгилүү болду. Массалык мушташка жооптуу талапкерлер жарыштан четтетилди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана башкы прокурор менен ички иштер министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйында айтылган маанилүү билдирүүлөрдүн топтомун сунуштайт.

Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды

  • Шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланып, 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өсүш болду;
  • Убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 шайлоочу №2 формасын алды;
  • Чет өлкөдө жүргөн 32 582 мигрант ЖК депутаттарын шайлоого катыша алат. 2015-жылы 15 312 гана кыргызстандык добуш берүүгө укук алган;
  • Документтерди кароо учурунда ар кайсы партиядан 42 талапкер шайлоого катышуу укугунан ажыратылды;
  • Жалпы жонунан 2 475 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинен 45и чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө;
  • Шайлоо өнөктүгү маалында 128 мыйзам бузуу катталып, прокуратура тергеп жатат. Анын 82си Жазык кодекси, 46сы Жоруктар кодекси менен каралууда;
  • Башкы прокуратура административдик ресурсту колдонуу боюнча 11 фактыны иликтеп жатат. Азырынча эч бир мамлекеттик кызматкерге чара колдонула элек;
  • Шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен 40 кылмыш иши козголду;
  • Араванда үгүт учурунда массалык мушташты тутандырган деп алты адам айыпталууда. Учурда анын бешөө тергөө абагына киргизилген, бирөө ооруканада жатканына байланыштуу баш коргоо чарасы тандала элек. Жалпысынан тогуз адам ооруканада жатат;
  • Шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо жана шайлоо участкаларын кайтаруу үчүн 11 507 милиция кызматкери тартылат;
  • 27-сентябрдан тарта Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт;
  • ИИМ шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 236 фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады;
  • 24-сентябрда кечки саат 17:00дө БШКнын отуруму болуп, Аравандагы массалык мушташ боюнча маселе каралды. Натыйжада жаңжалга жооптуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов жана "Биримдиктин" талапкери Шүкүрулло Файзуллаев жарыштан четтетилди.
13
Белгилер:
прокурор, мыйзам бузуулар, талапкер, каттоо, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме
Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт

Бишкекке сүйүү жана камкордук жетпей... Мэрия элге кайрылды

25
(жаңыланган 19:13 24.09.2020)
Бүгүнкү күндө Бишкекте салык төлөп, продукция чыгарып, өндүрүш менен алектенип, элге кызмат көрсөткөн 72 миң ишкана бар.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы ишкерлер менен уюмдарга калааны көрктөндүрүп, тазалап, өз үйүндөй мамиле кылуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу аталган муниципалитеттен кабарлашты.

Бүгүнкү күндө Бишкекте салык төлөп, продукция чыгарып, өндүрүш менен алектенип, элге кызмат көрсөткөн 72 миң чарба субъектилери бар.

Бишкекти кантип кулпуртса болот? Жаңы мэр Азиз Суракматов менен маек

"Бирок биздин шаарга камкордук, аярлап жана сүйүү менен жасалган мамиле жетишпейт. Урматтуу тургундар, сиздер павильон коюп, кеңселерди, банктарды ачып жатасыздар. Көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бизнес-борборлор тургузулууда. Эмне үчүн өзүңүз иштеткен павильондун жана көп кабаттуу үйдүн жанын гүлдөтүп коюуга болбосун? Жакшынакай отургучту орнотуп, таштанды челек коюп... Бишкекке аяр мамиле кылып, бир чымчым сүйүү арнап коюңуздарчы...", — деген суроо берген мэрия.

Бишкекте жашылдандыруу тартиби боюнча ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарба субъектилери, көп кабаттуу турак жайлардын ээлери, үйлөрдүн кожоюндары жанындагы тилкелерди жашылдандырганга милдеттүү. Же аны карап, иретке келтиргенге киши жалдашы керек. Ал эми жанындагы тилке катары тиешелүү жерден 10 метр аралыктагы аймак эсептелет.

Жайы-кышы жапжашыл болгон өсүмдүктөр. Бишкекте жаңы сквер пайда болду. Сүрөттөр

Бул деген ар дайым "өзүнүн жерин" кышында таштандыдан, кардан жана улам тамчы тама берип чокмороктошуп калган муздан тазалап туруш керек дегендик. Жайында сугарып, чөбүн чаап, бак-дарактарды иретке келтирүү зарыл.

25
Белгилер:
отургуч, таштанды, гүл, Бишкек мэриясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Озокеева: көп кабаттуу үйдө турак жай ээлеринин шериктиги болушу керек