Баткен облусунун башчысы Москвадан кармалган уулу боюнча үн катты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов. Архив
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов Sputnik агенттигине уулу Азиз Орозбаевдин күнөөсү далилденсе мыйзам алдында жооп бере турганын билдирди.

Эскерте кетсек, ИИМ Орозбаев алдамчылыкка шектелип Москва шаарынан кармалганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, Орозбаев эки киши менен ишкердин ишеничине кирип, чет өлкөдөн алып келген автоунааларын сатып алууну убадалаган. Баасы 20 миң доллар турган Toyota Avalon жана 11 миң долларлык Hyundai Elantra үлгүсүндөгү автоунааны алып, бирок акчасын берген эмес. Мунун натыйжасында ишкерди 2 миллион 165 миң 350 сом материалдык чыгымга учураткан.

Атасын жер каратып... Чиновник, саясатчылардын кылмышка аралашкан балдары

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

"Мыйзам алдында бардык жарандар бирдей. Ошондуктан мен уулум шектелип жаткан ишке кийлигишпейм", — деди Абдрахманов.

Ири суммадагы алдамчылыкка шектелип, сыртынан айып тагылгандарды Кыргызстанга экстрадициялоо иши менен башкы прокуратура алектенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0