Шаарга караганда айылда ажырашкандардын саны аз. Нике статистикасы

Жазылуу
2019-жылдын январь-июль айларында 26 493 нике катталса, быйыл ушул эле мезгилде 18 976 жуп бүлө курган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Быйыл 2019-жылга салыштырмалуу үйлөнгөндөрдүн жана ажырашкандардын саны бир кыйла аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин демография бөлүмүнүн башкы адиси Жанаркүл Мааткулова билдирди.

Анын айтымында, жаңы курулган бүлөнүн баары бекем боло бербейт, никеге турган жубайлардын ар бир алтынчысы ажырашып кетет.

Маалыматка ылайык, айыл жеринде 1 000 никеге 160ка жакын ажырашуу туура келсе, бул көрсөткүч шаарда эки эсе көп.

2020-жылдын жети айы менен салыштыра келгенде былтыркыга салыштырмалуу ажырашуулардын азайганы белгиленди.

Үйлөнгөндөрдүн саны ажырашкандарга караганда көбөйдү. Ош биринчи орунда

2019-жылдын январь-июль айларындагы жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан катталган 6 486 үй-бүлө ажырашса, 2020-жылдын январь-июль айларында 4 641 жуп эки ача жолго түшкөн.

"Былтыркыга салыштырмалуу быйыл 1 841 үй-бүлөгө же 40 пайызга азыраак ажырашуу катталды. COVID инфекциясынын жайылуу коркунучунан улам, ошондой эле республиканын айрым аймактарында өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлору иштеген жок. Натыйжада жарандык абалдын актыларын каттоо жүргүзүлгөн эмес. Бул аталган көрсөткүчтүн төмөндөшүнө алып келген", — деди Мааткулова.

2019-жылдын январь-июль айларында 26 493 бүлө катталса, 2020-жылдын ушул аралыгында 18 976 үй-бүлө никеге турган. Былтыр жалпы жонунан 49 431 бүлө жаңы курулса, 10 992 жуп ажырашып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0