Армияга күзгү чакыруу башталды. Ата-энелердин узатуусуна тыюу салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековПризывники Национальной гвардии КР
Призывники Национальной гвардии КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Чүй облусунда жана Бишкек шаарында аскерге чакырылгандарды узатуу аземи болуп өткөн. Быйыл коронавирус кырдаалына байланыштуу аскерлерди узатууга жакындары келишкен жок.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстанда аскер кызматына күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу КРдин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

11-сентябрда Чүй облусунда жана Бишкек шаарында аскерге чакырылгандарды узатуу аземи болуп өткөн. Ушундай эле иш-чаралар республика боюнча өткөрүлүп, 3 миңден ашуун адам Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары менен аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөмөкчү.

Жээнбеков Баткенде чек арачыларга жолугуп, чогуу тамактанды. Сүрөт

Маалыматта белгиленгендей, быйыл коронавирус кырдаалына байланыштуу аскерлерди узатууга жакындары келген жок.

Кыргызстанда 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы жигиттер сөзсүз милдеттүү же альтернативдүү аскердик кызмат өтөөсү керек.

Чакыруу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин улантылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0