Москвада бала уурдагандар менен мушташа кеткен кыргызстандык Азамат Нуржанов

Жараат алып, Москвага кеткем. Бала "уурдагандарды" кармаган кыргыз жигиттин баяны

(жаңыланган 18:44 13.09.2020)
Спорттун чебери, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мурдагы мүчөсү учурда Москвада эмнеликтен курьер болуп иштеп жатканын, россиялык блогер уюштурган тамаша торго кантип түшкөнүн айтып берди.

Россиялык блогер Михаил Литвиндин пранкы (тамашасы) интернетте көп талкууланды, видео миллиондон ашуун кишинин купулуна толду. Тамашанын каарманы – бала "уурдагандар" менен мушташа кеткен кыргызстандык Азамат Нуржанов. Сценарий боюнча блогер жолдо өтүп бараткан кишиден тестиер балага көз салып турууну өтүнөт, анан эркек баланы бейтааныш бирөөлөр уурдап кетүүгө аракет кылышат. Sputnik Кыргызстан социалдык тармакка дүң болгон мекендешти таап, баарлашып, окуянын чоо-жайын билди.

— Ошол күнү эмне болгонун айтып берсеңиз?

— Буюртмаларым аябай көп эле, баарына үлгүрөйүн деп шашып жүргөм. Кезектегисин алып, көчөдө бараткам. Бир жаш жигит кичүү инисин карап турууну өтүндү. Документтерге тезинен барып келе каларын айтты. Башында көнгөн жокмун, бирок жигиттин жалбарып жибергенинен улам инисине көз салып турмак болдум.

Бала менен турганымда артымдан машина келгенин элес албапмын. Андан экөө түшөт. Бири баланы кармап алып, экинчиси мени түртүп кирди. Эрксизден ургулап кирипмин...

Эмне болуп жатканын түшүнбөдүм, эч ойлонбостон алардан баланы алып калууга тырыштым. Баары көз ачып-жумганча болуп кетти. Автоунааны көргөндө баланы уурдаганы келишкенин аңдадым. Жанымды таштап, мушташып кирдим. Жолтандабастын каалгасы жабылсын деп эки жолу тептим, бирок жаба албай калдым (жылмайып).

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Михаил Литвин (@mikhail_litvin)

Оң жактагы бала кооптуу туюлду, анткени колдору бош эле. Ошол жактан соккуну күткөм. Колунда бычак же электрошокер болсо, эмне кылам деген ойлор келди. Өзүмдү-өзүм коргоо үчүн тепкенимди азыр интернеттен жайлатып көрсөтүп жатышпайбы...

Ошондон кийин ал жигиттер: "Бул пранк, пранк!" деп кыйкырып, элдешүү ниетинде кучактоо үчүн жаныма келишти. Мен блогер, вайнер, пранкерлердин жашоосуна дегеле кызыгып көргөн жан эмесмин. Эгер Михаил Литвин белгилүү спортчу болсо, балким таанымактырмын.

Айтмакчы, анда мен "пранк" эмне экенин деле түшүнгөн эмесмин. Ниеттерин билдиргенде гана бул тамаша экенин түшүндүм. Ошол маалда Литвин чуркап келип, менин акыбалыма кызыгып, "актерлор" мага зыян келтирип-келтирбегенин тактады.

Ал эми менин оюмда "буюртмалар эмне болду, мушташта тамак салынган баштык айрылган жокпу?" деген түйшөлүү бар эле... Эгер бузулса, жетекчиликке түшүндүрүш керек, айып пул төлөгүң келбейт эмеспи. Кудай жалгап, аным эч нерсе болбоптур. Баары жакшы аяктаганына сүйүнүп тез эле ал жерден кетип калгам. Бирок бир топко дейре "оюн эмес, чындап баланы уурдашса эмне болмок" деген ойлор мени эзип жүрдү. Коркконумду да жашырбайм...

Ишкер Азамат "Советник": алданган учурда "караларга" кайрылдым

Ары-бери өткөндөрдүн да кайдыгер болбогону көңүл жылытат. Каптал жактан бир киши кыйкырып биз тарапка келе жатканын байкагам. Ошол мага дем берди, ал кылмышкерлердин бирин, мен экинчисин токтотом деп ойлодум.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

👍

Публикация от Азамат Нуржанов (@nurjanovazamat586)

Оюн экенин билген соң башка эркектердей эле бир сыйра сөгүнүп алдым. Негизи мен андай тамашаларга каршымын, оюндан от чыгып, адам тегин жерден жабыр тартып калышы ыктымал. Анан да сени мазактап жатышкандай сезимде каласың. Сен бир өмүрдү сактап калууга бүт дитиң менен күрөшөсүң, ал эми уюштуруучулар: "Кечир, бурадар, бул тамаша!" – деп кутулушат.

— Москвада башка адамдарды куткарып, эрдик кылган кыргыздар аз эмес...

— Балким каныбыздар бардыр. Кылымдардан бери кыргыз жигиттери өз калкы үчүн өмүрүн берүүгө даяр, бул муундан-муунга өтүп келет... Азыр гана бир нерсени түшүндүм. Сыртта акча табуу оңой эмес тура, тобокелдик арбын. Курьердин иши негизи эле кооптуу, бирок аны ойлонгон ким бар?

Кыргызстанец Азамат Нуржанов отважно пресек попытку похищения ребенка и вступил в драку с похитителями во время пранка в Москве.
© Фото / Азамат Нуржанов
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мурдагы мүчөсү, учурда Москвада иштеп жүргөн Азамат Нуржанов

— Москвада жашаганыңызга канча болуп калды?

— Биринчи эле жыл. 3-февралда, дал карантиндин алдында учуп келгем. Травмадан кийин акча табуунун жолун издешим керек эле.

Былтыр сентябрда Стамбулдагы марафондо бутумду кокустатып алгам. Бишкекте үч ай жатып дарыландым. Мындан ары эмне болот, кесибимден оолак кантип турмуш кечирем деген санаага баттым.

Миграция кызматы КР жараны менен уруша кеткен Цветков боюнча үн катты

Жыл жаңырганда кеңешип, баталарын алуу үчүн айылдагы ата-энеме бардым. Атам 13 жыл менин машыктыруучум болгон, бир жыл тыныгып, үйлөнүшүмдү күткөн. Ал эми мен чет өлкөгө иштеп келүүнү ойлоп, Түркия менен Россияны караштыргам. Ошентип, Москвага келип, ресторандардын бирине курьер болуп орношком.

— Эмнеге курьерликти тандадыңыз?

— Башында башка ишти, мисалы, ашпозчу болгум келген. Бирок алар тез салмак кошот эмеспи, андай болуп калса, формамды бузуп алам. Ошондуктан көп жөө басканым оң. Таңда жана кечке жуук машыгам, күндүзү курьер болуп иштейм. Анан да мага тамак жеткирген жакты, көчөлөрдү кыдырасың, элди, имараттарды көрөсүң. Калаа турмуштун кызыгы дал көчөдө эмеспи. Курьердик чөйрөдө Орто Азиядан келгендер: кыргыздар, өзбектер толтура. Баары жаш, күч-кубатка толгон адамдар.

Кыргызстанец Азамат Нуржанов отважно пресек попытку похищения ребенка и вступил в драку с похитителями во время пранка в Москве.
© Фото / предоставлено Азаматом Нуржановым
"Спорттук карьерадан көптү күткөм, бирок өмүрдө баары тегиз сен ойлонгондой боло бербейт экен", - дейт Азамат Нуржанов.

— Спорт менен профессионалдык түрдө машыгасызбы?

— Мен да атам сымал эле жеңил атлетчимин. Узак аралыкка чуркоо боюнча спорт чеберимин, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мурдагы мүчөсүмүн. Байгелүү орундарды көп ээлегем. Былтыр май айында Ысык-Көлдөгү марафонго катышкам.

Спортко бала чагымдан аралаштым. Окуучу кезде үч чакырымга чуркап, бара-бара аралыкты узарттым. Ошентип, 42 чакырым 195 метр аралыкты түзгөн марафондорго катышууга жарап калдым.

Үй курууда мигранттарды ойлодум. Москвадагы ишкер Осмонбековдун маеги

— Үй-бүлөңүз туурасында билсек?..

— Талас облусунун Манас айылында туулуп-өстүм. Ата-энем – педагог кишилер. Аябай сонун адамдар, аларга аябай ыраазымын. Үй-бүлөнүн тун уулумун, иним менен карындашым бар. Учурда иним да Москвада, ашпозчу болуп эмгектенет. Карындашым али мектепте окуйт.

— Эмне жөнүндө кыялданасыз?

— Спортчулардын баары олимпиадага катышып, байгелүү кайтууну самайт. Спорттук карьерадан көптү күткөм, бирок өмүрдө баары тегиз сен ойлонгондой боло бербейт экен. Ар кандай себептер менен даярдык машыгууларына катыша албай калып жүрдүм. Бирде акча жетпейт, кээде башка себеп чыгат. Азыр бир үмүт жанды, иним экөөбүз мээнеттенип жүрөбүз. Баары жакшы болот.

Жашым  29да, азырынча бойдокмун. Анткени спортто карьера куруу далалаты менен көпкө жүрүп калдым. Эми үй-бүлө күтүү жөнүндө ойлонуп, колукту караштырып жүрөм.

Кыргызстанец Азамат Нуржанов отважно пресек попытку похищения ребенка и вступил в драку с похитителями во время пранка в Москве.
© Фото / Азамат Нуржанов
"Спортчулардын баары олимпиадага катышып, байгелүү кайтууну самайт", - дейт жөө күлүк Азамат Нуржанов.

— Болочок келинчегиңиз кандай болууга тийиш?

— Бардык эле кыргыздар өңдүү ыймандуу, карапайым кыз болушу, улууларды урматташы мен үчүн чоң мааниге ээ. Анын милдети – жолдошунун жакындарын сыйлап, кабыл алуу. Ар бир бойдок кыргыз жигиттин тилеги ушул, мен деле ошол ойдомун.

— Жанагы тамаша турмушуңузга таасир эттиби?

— Жашоо өз нугунда. Жумуштагылар ошол окуяны укканда ойлонбостон баланы арачалап калуу аракетим үчүн мени макташты. Интернетке тасма чыккандан бери мага социалдык медиадан көп жазышчу болду. Жаштар эле түгүл, улуу кишилер дагы ыраазычылыгын, мындай адамдар менен сыймыктанарын билдиришүүдө. Айрымдар ошол тасманы көрүп, өз балдарын ошондой кырдаалда элестетип, ыйлап алышканын жашырышпайт... Ал эми менин оюмдан "ошол окуя оюн эмес, чындап болсо жыйынтыгы эмне болмок?" деген санаа кетпейт десеңиз...

Белгилер:
куткаруу, бала, пранкер, жөө күлүк, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Москвада "бала уурдагандарга" каршы турган кыргызстандык жигит суктантууда. Видео
Манас аэропорту. 1978 жыл

Керосин жер алдындагы түтүк менен келчү. "Манас" аэропорту кантип курулган

(жаңыланган 19:54 23.04.2021)
Мындан туура 47 жыл мурун Фрунзе шаарынын четинде "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинин курулушу аяктап, аба майдан алгачкы учактарды кабыл ала баштаган.

Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн негизги авиациялык жайы кандай кыйынчылыктар менен курулуп, ири долбоор кантип ишке ашканына кызыгып көрдү.

Фрунзе шаарына жаңы аэропорт керек!

Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени Фрунзе шаарынын Тынчтык (азыркы Чыңгыз Айтматов) проспектисине жакын жайгашкан аба майдандын жүргүнчүлөрү көбөйүп, коопсуздук маселеси дагы тынчсыздануу жараткан. Аталган аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле. Ошондой эле учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү. Андан сырткары, ал жерде Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик тик учактары, аэродрому да болуп бир катар кооптуу тобокелчиликтерди пайда кылган.

Бирок СССРдин Жарандык авиация министрлиги, Мамлекеттик пландык комитети кыргыз бийлигине төмөндөгүдөй жооп берген:

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жаңы аэропортту салууга 46-50 миллион рубль жумшалат. Аталган курулушту шаардын четине чыгаруу 80-жылдарга гана пландалган".

Ага карабай кыргыз бийлигинин башында турган Турдакун Усубалиев өжөрлөнүп СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев, Алексей Косыгинге чейин барып, аларды макул кылат. Жыйынтыгында СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо боюнча токтом кабыл алган.

Долбоорлоо, алгачкы даярдыктар

Ошентип жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген. Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган.

Жүздөгөн куруучу, техника...

Курулуш 1973-жылы башталган. Ошол учурду Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мындайча жазган:

"Башында киришкенде иштөө шарттары аябай оор болчу. Куруучулар кагыраган жерди бир метрден четинен багындырган. Жайкысын күндүн ысыгы 40 градуска чейин жогорулаганда көпчүлүк жумуштар кеч киргенде жасалчу", — деп жазган мамлекеттик ишмер.

Күн сайын жумушка 150-200дөй жүк ташуучу унаа чыгып, алар жалпы 2,8 миллион куб метр топурак-ташты ташып, түздөп, жалпы 3400 тонна арматураны пайдаланып 240 миң куб метрден ашык темир бетон жумшалган. Жыйынтыгында узуну 4200 метр, туурасы 60 метр жана калыңдыгы 40 сантиметр болгон учуп-конуу тилкесин, учактар ары-бери жүрчү жана токтоочу жайды адистер 5,5 айда аяктаган.

Ошондой эле жаңы аэропорт менен Фрунзе шаарын байланыштырган 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, жаңы аэропортко биринчилерден болуп СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин конгон.

Жер алдынан аккан авиациялык керосин

Андан соң аэровокзал жана кошумча объектилердин курулушу башталып, беш чакырымдан ашык суу түтүктөрү, 40 чакырымдай электр чубалгылары тартылып, жүздөгөн куруучу комплекстин ичи-тышын жасаган. Эң кызыгы, темир жолдон аэропортко чейин 30 чакырым узундуктагы авиакеросин түтүгү жер алды менен алып келинген. Ал аркылуу авиациялык жайдагы учактар өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып турган. Эгер андай түтүктөр жаткырылбаганда күн сайын ондогон унаа борбордон аэропортту көздөй каттамак. Тилекке каршы, кийин ал объектилер каралбай, ушу тапта иштетилбей жер алдында чирип жатат.

Каржылоо, калып калган иштер

80-жылдардын соңуна чейин "Манас" аэропортунун курулушуна жалпы 80 миллион рублдей акча кеткен. Анын төрттөн бир бөлүгүн кыргыз бийлиги чыгарса, калганы бүткүл союздук казынадан келген. Аба майдан заманбап техника менен жабдылып, авиациялык жай түрдүү типтеги учактарды кыйынчылыксыз кабыл алып калган.

Бирок ишке ашпай калган пландар дагы болгон. Мисалы, республиканын эң негизги аба майданынын жанына 200 адамга ылайыкталган мейманкана салынмак. Ал имараттар Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин дагы курулган эмес.

Ата мекендик авиациянын ардагер учкучу Кубанычбек Козубековдун союз тарагандан кийин Кыргызстанда авиация тармагы кантип кыйраганын айтып берди.

"Союз маалында борборлоштурулган башкаруу болчу, учактын тетиктери, техниканы оңдоо, күйүүчү-майлоочу материалдар, автоунаалар өз убагында келчү. Ал кездеги авиация менен азыркыны салыштырууга болбой калды. Мисалы, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алганда "Манас" аэропортунда ТУ-154 учагынан 13, ТУ-134төн төртөө жана Ми-8 деген тик учактан ондон ашыгы бар эле. 90-жылдары алар оңдолбой, каралбай токтоп тура берип, ата мекендик авиация кыйрады. Мамлекет башындагылар аэропорттун карамагындагы объектилерди ич ара бөлүшүп алышты да, салык төлөбөй иштеп миллиондорду таап жүрүшкөн", — деди Козубеков.

Азыркы "Манас" аэропорту

Учурда республиканын негизги аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 30дай түрдүү каттам аткарып, 20га чукул эл аралык авиакомпания менен кызматташып келет.

Материал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ардагер учкучтардын эскерүүлөрүнүн жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде жасалды.

Белгилер:
факты, курулуш, "Манас" эл аралык аэропорту, Кыргызстан
Согуш ардагерлери. Архив

Өкмөт согуштун ардагерлерине төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасын бекитти

(жаңыланган 19:53 23.04.2021)
Согуштун ардагерлерине ар кандай категорияга карап компенсация берилет. Анын суммасы 15-20 миң сомдун тегерегинде болду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өкмөт 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жыл сайын бир жолку төлөнчү жөлөк пулдун суммасын бекитти.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Бир жолку төлөнчү жөлөк пулдун суммасы:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына – 20 000 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына – 20 000 сом;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга, ошондой эле "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга – 20 000 сом;
  • Жашы жете элек курагында туткунга алынгандарга – 20 000 сом;
  • Согушта курман болгон жоокерлердин жесирлерине – 15 000 сом;
  • Ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 15 000 сом;
  • Жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга – 15 000 сом;
  • Жыл сайын майрамга карата берилчү жөлөк пул:
  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына - 600 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 400 сом;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга, "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга - 400 сом;
  • Жашы жете элек курагында туткунга түшкөндөргө – 400 сом;
  • Фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине) – 200 сом;
  • Ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 100 сом;
  • Жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга — 100 сом.
Белгилер:
ардагер, Улуу Ата Мекендик согуш, жөлөк пул, Кыргызстан
Тема боюнча
Марипов митингге чыккан медиктерге компенсация төлөөгө акча тапканын айтты
Бишкекте "Эскерүү багы" акциясы өттү. Кызыл-Аскерден тартылган сүрөттөр