Петроглиф. Архив

Алайда көмүр казгандар петроглифтерди талкалап жатканы айтылды. Бийлик эмне дейт

272
(жаңыланган 18:14 14.09.2020)
Жергиликтүүлөр эгер көмүр казгандар ишин токтотпосо бир жумадан кийин кооз жерибизден айрылып калабыз деп тынчсызданууда.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда маданий байлык катары саналган тарыхый жерлер талкалануу коркунучунда турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын арыз-муңун Зафер Динчер аттуу фотограф Facebook баракчасына жазып, жеринен тартылган кадрларды жарыялады.

Анын айтымында, Мурдаш жана Кара-Кур айылдарынын тургундары Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көл тез арада жоголуп кетиши мүмкүн деп чочулап жатышат. Себеби ошол жерден эки-үч күн мурун көмүр казып башташкан.

"Көмүр ташууга жол салуу үчүн көлдүн айланасындагы уникалдуу петроглиф таштардын көбүн талкалашты. Эгерде техника ишин уланта берсе, бир жумада бул кооз жерибизден айрылып калабыз деп тынчсызданып жатабыз. Үч-төрт миң жылдан бери сакталып келген бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши толук ыктымал", — деп жазылган постто.

Бул боюнча Sputnik Кыргызстандын кабарчысы өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылды. Маалымат кызматы учурда Алай жана Кара-Суу райондорунун акимдери жана туристтик компаниянын өкүлдөрү бүгүн ушул маселени талкуулап жатканын билдирип, кабыл алынган чечим тууралуу эртең толук маалымат берүүнү убадалады.

272
Белгилер:
көмүр, баалуу таш, Алай району
Тема боюнча
Таластын айылында жер алдынан төрт кумара табылып, чоо-жайы айтылды. Видео, сүрөт
Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак

Мэрия: Маданият министрлигине кайра айып салынды

25
(жаңыланган 18:39 29.09.2020)
Жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси ("Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу") боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Дайверлер Ысык-Көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды алып чыгышты. Сүрөт

Мусор в парке имени Кычана Джакыпова на пересечении улиц Ю. Абдрахманова и Мичурина в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн.

Айып Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан салынган. Маалыматка караганда, көпчүлүк жарандардан Абдрахманов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кычан Жакыпов атындагы сейил бак кароосуз калып, таштанды көбөйгөнү боюнча арыздар келип түшкөн. 

Мусор в парке имени Кычана Джакыпова на пересечении улиц Ю. Абдрахманова и Мичурина в Бишкеке
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Айып Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан салынган.
"Санитардык инспекциянын өкүлдөрү жерине барып парктын аймагы чын эле каралбай калганына күбө болушкан. Буга байланыштуу министрликке карата эскертүү берилген. Бирок коомдук жай дагы деле иретке келтирилген жок. Ошондуктан 293-берене боюнча протокол түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия элди таштанды ыргытпоого чакырып, ишканасынын, үйүнүн айланасын таза кармоону суранды.

25
Белгилер:
Маданият министрлиги, тазалык, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкекте жаңы конуштун тургундары мектептин жанына таштанды үйүп салышкан
Суу өчүрүү убагында. Архив

Бишкектеги эки конушта 1-октябрь күнү суу болбойт

37
(жаңыланган 17:09 29.09.2020)
Калаа тургундары суу боюнча суроолор жаралса бирдиктүү 1533 номерине чала алышат. Мындан сырткары, мэриянын 1840 жана 1850 линиясы иштеп жатат.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Кышка даярдык көрүү үчүн суу түтүктөрү оңдолуп жаткандыктан 1-октябрда Бишкектеги Ынтымак менен Арча-Бешик конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ичүүчү суу эртең мененки саат 9.00дөн кечки саат 18.00гө чейин болбойт. Белгилей кетчү жагдай, Арча-Бешик конушунун биринчи көчөсүнөн жетинчи көчөсүнө чейинки гана бөлүгүндө суу жок болуп, башка жактарында үзгүлтүккө учурабайт.

Кезекке турсаңыз болот! Бишкектин чок ортосуна жаңы бала бакча ачылды. Сүрөт

Калаа тургундары суу боюнча суроолор жаралса бирдиктүү 1533 номерине чала алышат. Мындан сырткары, мэриянын 1840 жана 1850 линиясы иштеп жатат. Көйгөйлөр боюнча сүрөт, видеолорду 0554 182-185 WhatsApp номерине жөнөтүүгө болот.

37
Белгилер:
жаңы конуштар, таза суу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Мамкаттоо айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзгөн жаңы сервис иштеп чыкты
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Бишкекте төрт машина кагышты. Видео

0
(жаңыланган 19:39 29.09.2020)
Төрт машина кагышкан жол кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя шаардын түндүк тарабында, Элебесов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкекте бүгүн төрт жеңил унаа кагышканын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу Telegram-каналынын “Короче” тайпасына жарыяланды.

Окуя Фере жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын айынан Баялинов көчөсүнө чейин тыгын жаралган.

Милициядан билдиришкендей, жабыркагандар жок.

0
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема боюнча
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду