Эки ай дешти. Ак канга чалдыккан наристесине жардам сурап карайлаган атанын маеги

CC0 / Pixabay / Наристе. Архив
Наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баарыбыз үчүн бала кымбат. Азыр Бишкектин кичинекей тургуну Айлиндин ата-энесинин кыйналып жаткан учуру. Рак илдетине кабылган тогуз айлык наристе элдин жардамына муктаж болуп турат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кичинекей Айлиндин атасы Талант Сатыбалдиев менен кызынын абалы тууралуу маектешкен.

— Айлиндин ооруп калганына канча болду?

— Кызыма эми тогуз ай болот, үч айында ооруп баштаган. Ошондон бери Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө жатабыз. Лимфобластуу ак кан оорусунун курч түрү деген диагноз коюлган. Он күн мурун врачтар "биз дарылай албайбыз, мындан ары күчүбүз жетпейт" деп айткандан бери жанталашып чет мамлекеттеги ооруканалардан арга издеп баштадык. Үмүт үзүлбөйт экен. Болгон чет элдик ооруканаларга жазганбыз. Эми бардыгынан "мүмкүнчүлүгүңөр болсо алып келгиле" деген жооп келди. Бул ооруну дарылоо абдан кымбат турат экен. Европа, Америкадагы клиникалар 200 миң доллардан миллион долларга чейинки сумманы айтышты. Түркиядагы үч-төрт клиникага кайрылсак, 100 миң долларга операция жасап берели деп жатышат. Азыр сүйлөшүүлөр бүтүп калды.

© Фото / из личного архива Таланта СатыбалдиеваТалант Сатыбалдиев менен кичинекей кызы Айлин
Эки ай дешти. Ак канга чалдыккан наристесине жардам сурап карайлаган атанын маеги - Sputnik Кыргызстан
Талант Сатыбалдиев менен кичинекей кызы Айлин

— Жалпы дарылоого кеткен чыгым 100 миң доллар болуп жатат да, ээ?

— Алар дарылоонун үч жолун айтып жатышат. Мындайча айтканда, донорлордон да көз каранды экен. Анталиядагы клиниканын дарыгерлери ата-эненин анализи туура келсе 75 миң долларга операция жасап, дарылап беребиз дешти. Болбосо Түркиядан донор издөөгө туура келет. Анда дарылоо 85 миң доллар болот экен. Мындан да арга табылбаса Европадан донор карашат, анда жалпы 100 миң доллар болот.

— Оору кандай башталды, кантип байкап калдыңыздар?

— Башында грипп сыяктуу дене табы көтөрүлө баштады. Бир-эки күн температурасы түшүп калат, кайра көтөрүлөт. Бир жумадан кийин өзүбүздүн бейтапканага алып бардык. Үй-бүлөлүк дарыгерлер пенициллин сайып койсо эле жакшы болорун айтышкан. Аларга ишенбей барып, канга жалпы анализ тапшырсак, шашылыш гематологияга жөнөтүштү. Ал жактан кыздын абалы оор экенин айтып, онкологияга жиберишти. Ошентип ооруканада дарыланып жатканбыз. Анын ортосунда кызым жакшы болуп, рак клеткалары жоголгон. Кийин кайра пайда болуп калды.

Вирус уулумдун мээсин жабыркатууда! 6 жашар Саидге жардам сураган ата-эне

— Канча убакыт бар?

— Бизге эки ай эле убакыт берген, анын он беш күнү өтүп кетти. Азыр керектүү каражаттын он пайызын эле чогулттук. Машиналарыбызды сатууга койдук. Алар да дароо сатылып кетпейт экен. Батирде турчубуз, үйүбүз деле жок. Бирок колубузда болгон мүлктү сатып жатабыз.

— Азыр кыздын абалы кандай?

— Буга чейин ойноп жакшы эле жүргөн. Эки күндөн бери түнкүсүн ыйлап чыкты. Жаны кыйналып жатат да. Баланын ооруганынан, ошону көрүп туруп эч жардам бере албаганыңан өткөн жаман нерсе жок экен. Кызыбызга жардам берүүнү каалагандарга ыраазы болот элек...

Жаңылыктар түрмөгү
0