Көп кабаттуу турак үйдүн өчүргүчтөрү. Архив

Бишкекте электр кубаты өчүрүлө турган аймактардын тизмеси

214
(жаңыланган 22:02 14.09.2020)
Компания электр жарыгынын өчүрүлүшүн трансформатордук көмөк чордондордун оңдолуп жатканы жана кышка даярдык көрүү аракеттери менен түшүндүрдү.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте эртең бир нече көчөдө электр кубаты өчүрүлөт. "Түндүк электр" менен "Электросила" ишканалары электр жарыгынын өчүрүлүшүн трансформатордук көмөк чордондордун, көп кабаттуу үйлөрдүн ичиндеги тармактардын оңдолуп жатканы жана кышка даярдык көрүү аракеттеринен улам болууда деп түшүндүрдү.

15-сентябрда төмөнкү көчөлөрдө электр кубаты болбойт:

  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Чыгыш-5 кичи району (№16/2 турак үй); Асанбай кичи районунун түштүк-чыгыш жагы, муниципалдык наабайкана, "Лондон" турак-жай комплекси;
  • 09:00дөн 18:00гө чейин — Жал кичи району (№10, 12, 29/1, 29/2, 29/3, 29/4 үйлөрү), андан сырткары Жамгырчинов, Садыгалиев, Патриса Лумумба жана Лев Толстой көчөлөрүнүн аймактарында өчүрүлөт. Көк-Жар конушу (Арстанбап, Кулмурзаев, Улан көчөлөрү), Арча-Бешик конушу (16, 17, Масыралиев, Ош-3000, Арча-Бешик, Ала-Арча, Торгой көчөлөрү);
  • 13:00дөн 16:00гө чейин — Кривоносов көчөсүнүн бир бөлүгүндө.
214
Белгилер:
кышка даярдык, өчүрүү, электр кубаты, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Энергетиктерге тапшырма: жарык жана жылуулукка төлөмдөр 100 пайыз чогулсун!
Украинада аскер учагы кулады

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

127
(жаңыланган 01:46 26.09.2020)
Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Украинанын Харьков облусунда Ан-26 деп аталган аскер учагы кулады. Андан каза болгондор жана жабыркагандар бар. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына таянып кабарлады.

Кырсыктын видеосу басылманын Telegram -каналына жарыяланган.

​"25-сентябрь күнү кечинде Харьков облусунда Украинанын аскер-аба күчтөрүнө тиешелүү болгон АН-26 учагы кырсыктады. Учак жерге коноюн деп жатканда кулаган. Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу. Арасында каза болгондор, жабыркагандар бар. Маалымат такталып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, учак кырсыгынан 23 адам каза болуп, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтар боюнча жеринде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кырсык болгон жерге чыгып кеткени кабарланды.

127
Белгилер:
өрт, кырсык, учак, Харьков, Украина
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео
14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео
Ош облусунун жашоочулары. Архивдик сүрөт

Аймактарда коронавирус көп катталууда. Себебин жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрдү

131
(жаңыланган 23:25 25.09.2020)
Коронавирус боюнча статистиканын төмөндөгөнүнөн бир ай өтпөй өлкөдө кайра илдет илештирген жаңы учурлардын саны өсүп баштады. Азыркы тапта коронавирус көп аныкталып жаткан аймактарда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Акыркы эки күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүп кетти. Кечээ 127 адамдан COVID аныкталса, бүгүн Республикалык штаб 175 адам вирус жуктуруп алганын кабарлады. Статистикада жазылгандай, ооругандардын басымдуу бөлүгү аймактарда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы коронавирус көп катталып жаткан аймактардагы абалды билип, жергиликтүү дарыгерлер менен сүйлөштү.

Ош облусу

Өткөн суткаларда коронавирус Кыргызстандын түштүк аймактарында көп катталган. Алсак, 25-сентябрга карата Ошто 50 кишиден вирус табылды. 31-август менен салыштыра турган болсок, ал күнү аталган аймакта алты гана кишиден коронавирус табылган.

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов коронавирустун белгилери менен ооруканага кайрылгандардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Директор Ноокатской территориальной больницы Асамидин Марипов
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов
"Акыркы жумада кайрылгандардын саны өстү. Биз болжонуп жаткан экинчи толкунга оорукананы даярдап, дары-дармектин корун камдадык. Бирок маселе башкада. Азыр мурдагыдай алгоритм жок. Анда эпидиликтөө жүргүзүлүп, оорулуу менен байланышта болгондун баарын таап, обсервацияга жаткырчу. Мындай жол менен илдеттин жайылышын аз да болсо алдын алганбыз. Азыр оорулуу менен байланышта болгондор табылган күндө деле үйдө изоляцияга жөнөтүлүүдө. Бирок аны канчасы аткарып жатканын кайдан билебиз. Айрымдар эрежелерди эске алып да койгон жок", — деди Марипов.

Анын айтымында, райондогу оору жуктургандардын үчтөн эки бөлүгү үйдөн дарыланып жатышат. Калгандары ооруканага жаткырылууда. Марипов мамлекет үй карантинине жиберилгендерди көзөмөлдөө үчүн бийлик натыйжа берген ыкмаларды ойлоп табышы керектигин кошумчалады.

Өпкө жабыркай баштаганда алгач кандай белги берет? Адистин жообу

Жалал-Абад облусу

Өткөн сутканын ичинде Жалал-Абад облусунда 22 кишиден коронавирус аныкталган. Ошол эле мезгилде 10 киши дартты жеңгени айтылды. Белгилей кетсек, март айында өлкө ичинде биринчилерден болуп дал ушул аймактан коронавирус катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин аталган аймактагы координатору Замира Чойбекова бийлик азыр стационарлар менен мобилдик бригадалардын ишин кайра жандантуу боюнча маселени карап жатканын билдирди.

"22 учурдун 10у лабораториялык жактан такталды. Бактыга жараша, алардын ичинен тогузунун абалы орто жана жеңил формада өтүүдө. Бир бейтап болсо ооруканадан дарыланып жатат. Пневмонияга кабылган 12 адам дагы ооруканага жаткырылды. Азыр базар, дүкөндөр иштеп, тойлор башталгандыктан, адамдар вирусту кайдан жуктуруп алганын билбей калып жатышат", — деди Чойбекова.

Ал коронавирус жуктуруп үйлөрүнө дарыланууга кеткен бейтаптарга дарыгерлер бардык инструкцияны түшүндүрүп жатканын айтып, бирок аларды дайыма көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.

"Оорунун очогу деле боло элек. Ар кайсы айылдан бирден-экиден кишиде вирус табылып жатат. Эгер алардын үй-бүлөсүндөгү бирөө жарымдан вирус чыкса, анда алар изоляция эрежесин сактабай эле жүргөндөн кабар берет", — деди министрликтин аймактагы координатору.

Баткен облусу

Эгер Баткен облусундагы калктын саны менен карай турган болсок, кооптуу кырдаал дал ушул аймакта байкалууда. Анткени бир сутканын ичинде эле Баткенде 41 кишиден коронавирус табылганы маалымдалды.

Экинчи толкун башталдыбы? COVID боюнча дүйнөдөгү азыркы абал

Баткендеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Асел Кошбаеванын айтымында, аймакта коронавирус менен ооругандар көп.

"Облус боюнча ар бир короону текшерип жатабыз. Мисалы, Кадамжайда 1 202 киши медициналык кароодон өткөрүлүп, анын 27синин дене табы жогору экени аныкталды. Коронавирустун белгилери байкалганда ооруканага өздөрү кайрылгандар бар, айрымдар үйлөрүнөн эле дарыланып жатат. Оорулуу адамдар менен байланышта болгондордун арасынан да коронавирус табылып жатат. Буга чейин биз бийликке ири базарларды жабуу сунушун киргизгенбиз, бирок ал аткарылган жок",— деди Кошбаева.

Ал эпидемиологдор азыркы кырдаалды эске алып, облусту карантиндик зоналарга бөлүп, чектешкен жерлерине блокпостторду коюуну көздөп жатканын кошумчалады.

Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

Өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун бийлиги бет кап тагынуу режимин күчөтүү чечимин кабыл алды. Бишкекте да санитардык көзөмөл күчөгөнүн мэрия жар салды.

Мындан сырткары, коронавирус жуктурган жаңы учурлар көп каттала баштагандыктан бүгүн Республикалык штаб шашылыш жыйын өткөрдү.

131
Белгилер:
экинчи толкун, статистика, дарт, оору, аймак, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде пневмония кайрадан баш көтөрүүдө. Акыркы суткадагы сандар