Кыргызстандыктарга КРВИ менен сасык тумоону алдын алууну айтып беришти

© Фото / Pixabay / ivabalkАял колун жууп жатат. Архив
Аял колун жууп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги сууктун түшүшү менен аталган оорулардын күч аларын эскертип келет. Аларды убагында дарылоо вирустардын тарашынын алдын аларын белгилешкен.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Республикалык штаб курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен сасык тумоону алдын алуунун бир нече жолун атап берди.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги сууктун түшүшү менен аталган оорулардын күч аларын эскертип келет. Ал эми окумуштуулар күздөгү вирустук инфекциялардын күч алышы коронавирустун болжолдуу экинчи толкунуна кошул-ташыл болорун айтышкан.

Уйкуну кандыр, анализ тапшыр. COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык

Буга байланыштуу өкмөттүн коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабы ооруларды алдын алуунун жолдорун айтып берди:

  • туура тамактануу жана дайыма кыймылда болуу;
  • ооруп жатсаңыз үйдө калыңыз. Балдар сыркоолосо мектепке, бала бакчага жибербеңиз, эл көп чогулган жерлерге барбаңыздар. Анткени инфекцияны жуктургандан тышкары оору күчөп кетиши мүмкүн;
  • илдетти күчөтпөй, өз убагында дарылануу үчүн жашаган жериңиздеги Үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылыңыз; 
  • КРВИнин симптомдору барлар менен байланышты токтото туруңуз; 
  • чүчкүрүп же жөтөлгөндө ооз менен мурунду жабыңыз. Колуңуз менен оозду, мурунду, көздү кармалабаңыз;
  • үй жаныбарларын кароодо өздүк гигиенаны сактаңыз; 
  • колду дайыма самындап жууп, курамына спирт кошулган каражаттар менен тазалап туруңуз;
  • бөлмөнү маал-маалы менен желдетип туруңуз;
  • өзүңүз же үй-бүлө мүчөлөрү ооруп жатса вирустун таралышын алдын алуу үчүн бет кап тагынып, ар 4 саат сайын алмаштырып туруңуз;
  • ооруп жаткан адамды өзүнчө бөлмөгө бөлүү керек. Өзүнө гана тийиштүү идиштер, сүлгү, башкача айтканда, өздүк колдонуу буюмдары болушу шарт. Ал жаткан бөлмөнү маалы менен желдетип, нымдуу чүпүрөк менен сүртүп туруу зарыл;
  • үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл. Адис гана туура дарылоону көрсөтөт, өз алдынча дарыланбаңыз!
Жаңылыктар түрмөгү
0