Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүKoktebel Jazz Party 2017
Koktebel Jazz Party 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Жогорку Кеңеште депутат болом деп бел байлаган маданияттын 10 өкүлүн сунуштайт. Булардын арасында ырчысы, куудулу, тамадасы да бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого аттанган 16 партиядагы талапкерлердин тизмесин толугу менен жарыялады. "Эл өкүлү болом" дегендердин арасында ар кыл тармактын, анын ичинде маданияттын өкүлдөрү да бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар бир партиянын тизмесин карап, депутат болчу ырчы, куудул, алып баруучу, тамада, актёрлорду таап чыкты.

Темирлан Сманбеков

© Фото / Медиастар ПродакшнКРдин эмгек сиңирген артисти, өмүрүн театрга арнаган актёр Темирлан Сманбеков
Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти, өмүрүн театрга арнаган актёр Темирлан Сманбеков

КРдин эмгек сиңирген артисти, өмүрүн театрга арнаган актёр Темирлан Сманбеков шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы менен аттанган. Ал партиянын тизмесинде бешинчи орунда турат. Сманбеков 63 жашта. Чыгармачылык жолунда бир нече спектакль жана тасмаларда түрдүү ролдорду жаратып эл оозуна алынган. Ал буга чейин Бишкекте Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын жана Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык-драма театрын жетектеген.

Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери

Рахман Разыков

Ушул эле партия менен Жогорку Кеңешке депутат болууга куудул Рахман Разыков да бел байлады. Ал партиянын тизмесине 22-саптагы талапкер болуп илинген. Разыков 65 жашта. Калың элге куудул, сатирик катары таанымал. Кезинде "Бешилик", "Беш кемпир" топторун түзгөн.

Ибрагим Жунусов

© Фото / из архива Ибрагима ЖунусоваКР эл артисти, педагог, профессор, ырчы Ибрагим Жунусов
Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү - Sputnik Кыргызстан
КР эл артисти, педагог, профессор, ырчы Ибрагим Жунусов

КР эл артисти, педагог, профессор, ырчы Ибрагим Жунусов бул ирет шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен 3-катарда бара жатат. Жунусов 59 жашта. Буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы, Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштечү. Кезинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигин да башкарган.

Бек Борбиев

© Sputnik / Жоомарт УраимовБелгилүү ырчы Бек Борбиев
Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү ырчы Бек Борбиев

"Мекеним Кыргызстан" партиясы менен аттанган маданият өкүлдөрүнүн катарында белгилүү ырчы Бек Борбиев дагы бар. Ал тизмеде 113-болуп Беродор Борбуев деп катталган. Ырчы 51 жашта. Азыркыга чейин чыгармачылык менен алектенип келет. 2002-жылдан 2010-жылга чейин Бажы кызматында иштеген. 2010-жылдан 2012-жылга чейин Интеллектуалдук менчик боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика

Нурзат Токтосунова

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданияттын мыкты кызматкери наамын алган алып баруучу Нурзат Токтосунова
Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү - Sputnik Кыргызстан
Маданияттын мыкты кызматкери наамын алган алып баруучу Нурзат Токтосунова

Маданияттын мыкты кызматкери наамын алган алып баруучу Нурзат Токтосунова да депутат болууга бел байлаган. Ал Жогорку Кеңешке "Биримдик" партиясы менен тизмеде 76-болуп бара жатат. Токтосунова 34 жашта. Ал бир гана алып баруучу эмес, актриса, убагында тамада да болгон. Учурда "Нур" академиясынын башкы директору.

Курмангазы Азыкбаев

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл артисти, белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев
Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү - Sputnik Кыргызстан
КРдин эл артисти, белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев

Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен КРдин эл артисти, белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаевди да көрүүгө болот. Музыкант парламенттик шайлоого "Чоң Казат" партиясы менен бара жатат. Тизмеге он тогузунчу болуп жазылган. Азыкбаев 58 жашта. Ал улуттук күүлөрдөн тарта классикалык музыкаларды 37 аспапта аткара алат.

Райхан Абдувалиева

"Чоң казат" саясий партиясынын талапкерлеринин арасында ырчы Райхан Абдувалиева дагы бар. Партиянын тизмесине он сегизинчи болуп жазылган. Ырчы 58 жашта. Коомчулукка "Периштем" деген ыры менен таанылган ырчы кезинде өкмөттүн алдындагы Кыргызтелерадиокорпорациясында үн режиссёру болуп иштеген.

Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

Айбек Карымов

© Фото / предоставлено Айбеком КарымовымЫрчы Айбек Карымов
Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Айбек Карымов

Ырчы Айбек Карымов да депутаттыкка талапкерлердин катарында. Обончу, аткаруучуну "Ата Мекен" партиясынын тизмесинен 65-катардан тапса болот. Айбек Карымов 51 жашта. Ал 60тан ашык обондордун автору, "Бейне-өнөр" коомдук фондунун негиздөөчүсү.

Бактияр Токторов

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛегендарлуу "Биз" тобунун солисти, ырчы Бактияр Токторов
Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү - Sputnik Кыргызстан
Легендарлуу "Биз" тобунун солисти, ырчы Бактияр Токторов

Легендарлуу "Биз" тобунун солисти, ырчы Бактияр Токторов да талапкерлердин катарында. Ырчы шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен бара жатат. Тизмеге алтымыш тогузунчу болуп жазылган. 50 жашта.

Эркин Нурбаев

© Sputnik / Табылды КадырбековТамада, алып баруучу, шоумен Эркин Нурбаев
Куудул, ырчы, тамада. Депутат болом деген маданияттын 10 өкүлү - Sputnik Кыргызстан
Тамада, алып баруучу, шоумен Эркин Нурбаев

Тамада, алып баруучу, шоумен Эркин Нурбаев парламенттик шайлоого "Реформа" партиясы менен бара жатат. 28 жаштагы алып баруучу тизмеде 11-катарда. ЭлТР, НТС телеканалдарында көңүл ачуучу программаларын алып барган. Ошондой эле той, ар кандай иш-чараларды тейлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0