Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина алып келинди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСасык тумоого каршы вакцина. Архив
Сасык тумоого каршы вакцина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, эмдөө Бишкек менен Чүйдө эртең, 16-сентябрдан тарта башталат. Дени сак жарандарга эмдөө акы төлөнүүчү болот.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстанга сасык тумоого каршы 119 663 доза россиялык вакцина алып келинди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Вакцина бардык аймактарга таркатылат. Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришкендей, эмдөө Бишкек менен Чүйдө 16-сентябрдан тарта башталат.

Вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорусу бар, иммунитети алсыз, көп ооруган балдар менен кош бойлууларга, жашы 65тен өтүп калган адамдарга, балдар үйү менен мектеп-интернаттарда тарбиялангандарга, карылар үйүндө жашагандарга, ошондой эле медиктерге сайылат.

Путин: Россиянын коронавируска каршы вакцинасын биринчи Беларусь алат

Вакцинанын 700 дозадагы экинчи партиясы 21-сентябрда келиши мүмкүн. Ага тендер жарыяланды. Үчүнчү этабында 70 доза алынып, вакцинация 27-октябрдан 1-ноябрга чейин уланат.

Абдикаримов белгилегендей, дени сак каалоочулардын бардыгына эмдөө акы төлөнүүчү болот. Учурда иммундоо жүргүзүлө турган медициналык борборлордун тизмеси түзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0