БШК: айрым жарандар мөөнөтү бүткөн паспорту менен добуш бере алышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жараныны паспорту. Архив
Кыргызстандын жараныны паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШКнын чечимине ылайык, эгер мекендештердин паспортунун мөөнөтү 1-январдан 30-декабрга чейин болсо, анда ал документ 31-декабрга чейин жарактуу деп эсептелет.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын паспортунун жарактуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим өкмөттүн токтомуна ылайык кабыл алынган. Буга байланыштуу эгер чет өлкөдөгү мекендештердин паспортунун мөөнөтү 1-январдан 30-декабрга чейин болсо, анда ал документ 31-декабрга чейин жарактуу деп эсептелет. Сөз 2006-жылкы үлгүдөгү, ошондой эле 2004-жылдагы ID-паспорт тууралуу болуп жатат.

Натыйжада жарандар 4-октябрдагы шайлоого катышып, добуштарын бере алышат.

Мөөнөтү бүткөн паспорттун жарактуулугун узартуу КРде жашагандарга тиешелүү эмес

Белгилей кетчү жагдай, мындай паспорттун ээлери 31-декабрга чейин документтин мөөнөтүн узартуу үчүн өздөрү жашаган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине кайрылуулары керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0