Электр эсептегич. Архивдик сүрөт

Электр энергиянын жоготууларын эсептеген 3 млн. долларлык долбоор ишке ашууда

104
(жаңыланган 18:54 15.09.2020)
Жаңыдан түзүлгөн эсептөө борбору электр энергиясынын жоготууларын текшерип, талдап, бирдиктүү маалымат чогултат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бирдиктүү энергетикалык эсеп борборун түзүү жолу менен Кыргызстандын энергосектору иретке келтирилет. Бул туурасында "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ишканасынын директорунун биринчи орун басары Бапа Жаныбеков Sputnik мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстан канча электр энергиясын жоготууда?" аттуу онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, эсептөө борборун түзүүгө бир нече муктаждык себеп болгон.

"Электр энергиянын жоготууларынын көлөмүн так эсептөө көйгөйү көп жылдан бери актуалдуу болуп келе жатат. Маселе комплекстүү чечилиши үчүн мониторинг системасын бир органга бириктирүү зарылдыгы келип чыккан. 2019-жылы өкмөт Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте энергетикалык эсептөө борборун түзгөн. Бул долбоорду ишке ашырууга 3 миллион доллар грант берилген", — деди Жаныбеков.

Аталган борбор электр энергиясынын жоготууларын текшерип, талдап, бирдиктүү маалымат чогултат. Ошондой эле энергетика рыногунун катышуучулары ортосундагы эсептөөлөргө байкоо салып турат.

"Түндүк электр" миллиондоп карыз болгон 10 ишкананын тизмесин чыгарды

Ал ушундай эле система Арменияда дагы иштеп жатканын белгиледи.

"Армениянын эсептөө борбору ушуга окшош системаны колдонот. Алар схеманы карап эле жоготуулардын көлөмүн аныктап коёт. Эгер адистер жоготуулар боюнча энергокомпаниянын түшүндүрмөсүнө канааттанбаса, жерине барып кырдаалды анализдеп, жагдайга жараша укук коргоо органдарына кабар керет. Бизде азырынча мындай жок", — деди Жаныбеков.

Адистин айтымында, бул долбоор келечекте энергетика секторундагы ачык-айкындуулукту камсыздайт.

104
Белгилер:
долбоорлор, жоготуу, электр энергиясы
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы аз өндүрүлдү. Себеби эмнеде?
Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

4
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

4
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш
Манас

"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү

168
(жаңыланган 13:41 27.09.2020)
Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен жүргүнчүлөрдүн узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Facebook баракчасынын "Кара тизме" тайпасына Черик Сыдыков аттуу колдонуучу жазды.

"27-сентябрь. "Манас" аэропорту. Бул жакта башаламандык орун алды. Бир эле эшик ачык. Аэропортко ушул эле эшик менен киргизип-чыгарып жатышат. "1,5 аралыкты сактагыла" дейт. Бир жакка учуп кетчүлөр болсо, аэропортко эртерээк келгиле. Болбосо учакка жетишпей калышыңар ыктымал", — деди Сыдыков.

Ал эми аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Терминалда кирип-чыгуу үчүн өз-өзүнчө эшиктер бар. Ошол эле учурда аэропортко билети бар, бет кап тагынган, уча турчу жүргүнчүлөр гана киргизилет. Алар дезинфекциялоочу тоннелдер аркылуу өтөт. Бул иш-аракеттин баары коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз адамдарды аралыкты сактоого чакырып жатабыз. Бирок аны баары эле аткарган жок. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү коштоп келгендер да кезекке туруп алган учурлар катталып жатат", — деди Курбанова.

"Манас" эл аралык аэропорту бардык жүргүнчүлөрдү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылуусун суранып, уча турчуларды аэропорттун аймагына эртерээк келүүгө чакырды.

168
Белгилер:
коронавирус, видео, кезек, аэропорт, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт