Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүПечать бюллетеней для голосования на выборах мэра города Томска
Печать бюллетеней для голосования на выборах мэра города Томска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар, алардын саны 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 624 миң 240 адамга көбөйгөн.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун бюллетендерин "Учкун" мамлекеттик ишканасы басып чыгарат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

БШК мүчөлөрү 15-сентябрда өткөн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн бюллетендерди даярдоону аталган ишканага тапшыруу чечимин кабыл алганы айтылат.

Боршайкормдун маалыматы боюнча, өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар. 2015-жылдагы Жогорку Кеңешти шайлоого салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 624 миң 240 адамга көбөйгөн.

Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат?

Шайлоочулардын арасында бар экениңизди www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу же шайлоо участкасынан текшере аласыз

Эгер жаран шайлоо участкасын өзгөртүүнү кааласа, 20-сентябрга чейин аталган жерге же www.tizme.gov.kg порталынан шайлоочунун кабинети аркылуу кайрылса болот. 28-сентябрга чейин шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0