Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды

Жазылуу
Сынак социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулган. Жакында Тажикстан менен Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтмөкчү.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарга сынак болуп, 15 киши билим алууга сунушталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тестирлөөгө 19 талапкер катышып, анын жыйынтыгы менен рейтингде жогорку балл алган 15 талапкер окууга сунушталды. Калган төртөө резервде.

Сынак социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулган.

Россиянын алдыңкы ЖОЖдоруна кантип өтүү керек? Пайдалуу портал

Эми 18-сентябрда Тажикстандагы, 23-сентябрда Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0