Кыргызстандагы коронавирус: бир суткада айыккандар жана жуктургандар

© AP Photo / Channi AnandСитуация в Индии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Индии из-за пандемии коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирусту илештирип алгандардын саны 45 миңден ашып, анын көбү сакайды. Тилекке каршы, миңден ашуун адам өтүп кетти.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 107 киши сакайып чыкса, дагы 73 киши илдетти жуктуруп алган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады

Дартты жеңгендер төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек — 47;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 4;
  • Ош облусу — 4;
  • Талас облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 5;
  • Жалал-Абад облусу — 14;
  • Баткен облусу — 26.

Ал эми кечээ оору бул аймактарда катталган:

  • Бишкек — 11;
  • Ош — 3;
  • Чүй облусу — 5;
  • Ош облусу — 14;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 9;
  • Баткен облусу — 18.

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Адис: коронавируска каршы эмдөө жүрмөйүн экинчи эмес, онунчу толкун да болот

Ошондой эле акыркы сутка ичинде өлкө боюнча жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ал эми бир суткада ооруканалардан алты медкызматкер жана үй карантининен 13 ак халатчан айыгып чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирусту илештирип алгандардын саны 45 072ге жетти, анын 41 210у сакайды. Тилекке каршы, 1 063 адам өтүп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0