Шайлоодо добушун саткандар да жазаланат! Мыйзамда жазылган эрежелер

© Sputnik / Табылды КадырбековПаспорта гражданина Кыргызской Республики и деньги
Паспорта гражданина Кыргызской Республики и деньги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкердин добуш сатып алуу үчүн жарандарга каражат же материалдык баалуулук бергени гана эске алынбастан, кайсы бир кызмат орунга жетүүгө кызыккан деп эсептелип жазасы күчөтүлөт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстанда шайлоочуларды сатып алгандарга, ошол эле кезде добушун саткандарга да жаза каралган.

Эске салсак, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Соцтармактын колдонуучулары "добушуңду сатып алам" дегендер чыгып жатканын жазышууда.

Прокуратура добушту кыйнап, мажбурлап чогулткандарга чара көрүүнү баштады

Белгилей кетчү жагдай, мыйзамда добушту сатып алгандарга жана добушун саткандарга жаза каралган. Демек, шайлоочу дагы жоопко тартылышы ыктымал.

Шайлоочуга карата жаза

Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 42(3)-беренеси — шайлоочунун (референдумдун катышуучусу) акчалай жана материалдык сыйлык алуусу. Мындай эреже үстүбүздөгү жылдын жай айында кабыл алынган.

Эгер шайлоочу өзү же ортомчу аркылуу акча же материалдык баалуулуктарга ээ болсо, ага биринчи категориядагы айып салынат (1000 сом).

Белгилей кетсек, эгер шайлоо же референдум өткөрүү алдында жаран добушу үчүн акча же материалдык баалуулук алганын өз ыктыяры менен кабарласа, ал жогорудагы берене боюнча жоопко тартылбайт.

Добуш сатып алгандарга карата жаза

Кылмыш-жаза кодексинде 192-берене каралган ("Шайлоочунун добушун сатып алуу"). Мында жарандын добуш сатып алуу үчүн каражат же материалдык баалуулук бергени гана эске алынбастан, кайсы бир кызмат орунга жетүүгө көмөктөшкөн деп эсептелет дагы, IV категориядагы айып салынат. Анын суммасы 180 миңден 220 миңге чейин жетет.

Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар

Эгер жарандардын добушун талапкер өзү же анын жубайы же жакын тууганы, болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү сатып ала турган болсо, аларга V категориядагы айып салынат же I категория боюнча эркинен ажырайт.

Башкача айтканда, 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка жыгылып же 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0