"Түндүк электр" эртең карызы барлардын жарыгын өчүрө баштайт

© AFP / FEDERICO PARRAЭлектр энергиясы өчүрүлгөн убакытта. Архив
Электр энергиясы өчүрүлгөн убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элди жарык менен камсыз кылган ишкана ашыкча чыгымдардан оолак болуу үчүн акчаны убагында төлөөгө чакырды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Эртең, 17-сентябрдан тарта, "Түндүк электр" ишканасы карызы бар батирлердин жарыгын өчүрө баштайт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматта жарандар карызынан кутулгандан кийин гана кайра жарык берилери белгиленген.

"Ыңгайсыздыктан жана жарыкты коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында төлөөгө чакырабыз", — дешти ишканадан.

Жарык үчүн төлөмдөрдү "Кыргыз почтасынан", терминалдардан жана электрондук капчыктардан аткарууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0