БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги күздүн экинчи айы октябрга карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат таратты.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 9…11 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 5…7 градус жылуу болушу мүмкүн.
Айдын биринчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн 3…8 — 9…14 градус болуп өзгөрүлүп турушу, күндүз 13…18 — 21…26 градуска жетери күтүлөт. Айдын экинчи жарымында түнкүсүн 2…7, кээ бир күндөрү -1...-3 градуска чейин түшүп үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 11…16 — 18…23 градус жылуу болот. Кээ бир күндөрү 4…9 градуска чейин төмөндөшү ыктымал.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы айдын биринчи жарымында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 — 18…23 градуска жылыйт. Айдын экинчи жарымында түнкүсүн -2…+3, күндүзү күндүн табы 5…10 — 13…18 градуста сакталып турат.
Синоптиктер жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болорун божомолдойт .
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде сакталып, 7…9 градус жылуу болмокчу.
Октябрда абанын температурасы түнкүсүн 1…6 — 7…12 градус жылыйт, бирок айрым күндөрү -1...-3кө чейин суук болушу мүмкүн. Күндүз 13…18 — 21…26 градус, кээ бир күндөрү 4…9 градус жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакындайт.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13, тоо этектеринде 7…9 градус жылыйт.
Айдын биринчи жарымында түнкүсүн 3…8 — 9…14 градус, күндүз 15…20 — 22…27 градус жылуу болуп турат. Айдын экинчи жарымында 4…9, кээ бир күндөрү абанын температурасы 0...-2 градуска чейин төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 13…18 — 19…24 градус, кээ бир күндөрү 7…12 градус жылыйт.
Жаан карга айланып, үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Тоо этектеринде айдын биринчи жарымында түнкүсүн 2…7 — 8…13, күндүз 13…18 — 20…25 градус болот. Айдын экинчи жарымында түнкүсүн 3…8 градустун тегерегинде болуп, айрым күндөрү -1...-3 градуска чейин түшөт. Күндүз 10…15 — 15…20 градус, кээ бир күндөрү 4…9 градус болору айтылат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектеринде нормадан жогору болушу мүмкүн.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 12…14, тоо этектеринде 8…10 градус жылуу болот.
Айдын биринчи жарымында түнкүсүн 10…15, күндүз 17…22 — 23…28 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында түнкүсүн 4…9, айрым күндөрү 0...-2 градуска чейин суук, күндүз 13…18 — 19…24, кээ бир күндөрү 8…13 градус суук болот.
Тоо этектериндеги айылдарда жана Токтогул районунда айдын биринчи жарымында түнкүсүн 2…7 — 8…13 градус, күндүз 13…18 — 20…25 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Айдын экинчи жарымында 3…8 градустун тегерегинде болуп, кээ бир күндөрү -1...-3 градуска чейин сууктайт. Күндүз 10…15 — 15…20 градус, кээ бир күндөрү 4…9 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска төмөн болуп, 10…12 градус, тоо этектеринде 6…8 градус жылуу болот.
Ай ичинде түнкүсүн 2…7 — 8...13, айдын экинчи жарымында кээ бир күндөрү 0…-2 градуска чейин суук болот. Күндүзү күндүн табы 13…18 — 22…27 градуска жетсе, кээ бир күндөрү 6…11 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 1…6 — 7...12 градус, айдын экинчи жарымында кээ бир түндөрү -1…-3 градус болот. Күндүз 10…15 — 18…23 градус, кээ бир күндөрү 2…7 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, күндүн табы 6…8 градуста сакталып турат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустун тегерегинде болуп, кээ бир күндөрү -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9…14 — 15…20 градус, айдын экинчи жарымында кээ бир күндөрү 3…8 градуска түшөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.
Ак-Сай жайлоосуна малчылар жакага түшө электе кар жаап салды. Видео
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, күн 5…7 градус жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 — 3…8, айдын аягында -3…-8 градус суук болот. Күндүзү 7…12 — 13…18 градус, айдын аягында 5…10 градус жылуу болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1…+1 градуста турат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0...-5 — -6...-11 градус, күндүз -2...+3 — 6...11 жылуу болору күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градыс жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3 — -6…-11, күндүзү 4…9 — 11...16 гардуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 0…5 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.
“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204 (алдамчылык) беренеси менен иш козголду.
УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө бөлгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.
Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.