"Газпром Кыргызстан" карызын төкпөгөндөргө туум чегерет

© AFP / BARBARA SAX Газ плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" ишканасы эпидемиологиялык оор абалды эске алып, абоненттерге аралыктан төлөө жолун сунуш кылууда.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы жаратылыш газы үчүн карызын өз убагында төкпөгөндөр үчүн кошумча төлөм жазып жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Компания билдиргендей, өкмөттүн көрсөтмөсү менен коронавирус пандемиясына байланыштуу 1-марттан тарта туум чегерүүнү токтотуу чечими кабыл алынган.

Эми мыйзамга ылайык, карызды өз убагында төлөбөгөндөргө газ берүүнү токтотуп, сот аркылуу төлөтө алат.

"Түндүк электр" миллиондоп карыз болгон 10 ишкананын тизмесин чыгарды

Каражатты Pay24, Quickpay, "Оңой", UMAI, "О!" төлөм терминалдары, компаниянын сайты жана мобилдик тиркемеси, мындан сырткары, "Элсом", MegaPay, Balance, "О!Деньги" мобилдик капчыктар, коммерциялык банктар жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү аркылуу да салса болот.

Эпидемиологиялык абал оор бойдон калганына байланыштуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы абоненттерге аралыктан төлөө жолун сунуш кылат.

Абоненттер ошондой эле компаниянын кызмат көрсөтүү борборлорунан төлөм жүргүзө алышат. Даректер:

  • Горький көчөсү, 22, дүйшөмбү-ишемби күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин (12:00-13:00 түшкү тыныгуу);
  • Фучик көчөсү, 19, дүйшөмбү-жума күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин (12:00-13:00 түшкү тыныгуу);
  • Ахунбаев көчөсү, 186/1, дүйшөмбү-ишемби күндөрү саат 8:00дөн 16:00гө чейин (12:00-13:00 түшкү тыныгуу).

Төлөмдүн суммасын www.gazprom.kg сайтына кирип тактоого же Gazprom.kg тиркемесин көчүрүп, ага катталып, ошол аркылуу маалымат алууга болот.

"Газпром Кыргызстан" ушул жылдын апрель айында бир куб метр газдын баасы калк үчүн 15,3 сомдон 17,6 сомго кымбаттаганын жарыялаган. Ал эми бизнес чөйрөсү (өнөр жай ишканасы, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик мекемелер) үчүн тариф 18,7 сомдон 21,3 сомго көтөрүлгөн. Баанын өсүшү доллар курсунун жогорулаганына байланыштуу экени айтылган. Өкмөт менен сүйлөшүүлөрдөн кийин коронавирустук кырдаалга байланыштуу компания март айындагы баага токтолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0