Жүк ташуучу унаалар өткөрүү жайында. Архив

Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды

343
(жаңыланган 19:03 16.09.2020)
Кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү көйгөйү маал-маалы менен жаралып, анын кесепетин ишкерлер тартып келген.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстан жана Казакстандын бардык автотранспорт каражаттарына карата контролдук-кароо иш-чараларын токтотуу макулдашылды. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана кайтарым багытта ташылган жүктөргө навигациялык кулпулардын жардамы менен мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду киргизүү макулдашылды. Аталган долбоор ушул жылдын 10-декабрынан тарта иштеп баштайт. Навигациялык кулпу кыргыз-казак чек арасынан текшерүүсүз өтүүгө шарт түзөт.

Жүк ташуучулар пилоттук долбоорго акысыз катыша алат.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын. Айдоочулардын көйгөйүн баяндаган видеорепортаж

Эгер төмөнкү эрежелер бузулса автоунаасы текшерилет:

  • белгиленген маршрутунан (республикалык маанидеги автомагистралдар) бир чакырымдан ашык аралыкка чыгып кеткенде;
  • навигациялык кулпуну өз алдынча ачууда;
  • навигациялык кулпусу бузулган учурда;
  • навигациялык кулпу менен бир сааттан ашык байланыш үзүлгөндө;
  • жүк ташуучу унааны чиркегичинен ажыратып койгондо.

Текшерүү жүргүзүлгөн учурда ыкчам жооп алуу үчүн КРдин Салык кызматынын методология бөлүмүнө кайрылыңыз. Телефон номери: +996 312 61-03-06.

Аталган орган маалыматты Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетине өткөрүп берет.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү көйгөйү маал-маалы менен жаралып турат. Мунун кесепетинен ишкерлер чыгым тартат. Июнь айында дагы казак тарап текшерүүнү күчөтүп, 300-400дөй жүк ташуучу унаа кезекке туруп калган. Кыргыз тарап коңшулар жөн жерден көйгөй жасап жатканын айтып сындаган. Өз кезегинде казак тарап Кыргызстан жүктөр боюнча маалымат алмашып, навигациялык кулпуларды пайдаланууга өтпөй жатканын билдирген.

343
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, долбоорлор, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
Кыргыз-казак чек арасынын "Каркыра" бекети жарандар үчүн да ачылды
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

36
(жаңыланган 10:25 28.09.2020)
Кечээ Москва облусундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан ондогон кыргызстандык жабыркаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

36
Белгилер:
тапшырма, жардам, мекендештер, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Боронов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө
Киши көкүрөгүн кармап турат. Архив

Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды

115
(жаңыланган 09:59 28.09.2020)
Инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Ошондой эле кан басымын өз чегинде кармоо зарыл.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казань медициналык университетинин доценти, неврология кафедрасынын жетекчиси Рустем Гайфутдинов жакындап келе жаткан инсульттун алгачкы жана байкала бербеген белгилерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистин пикиринде, инсульттун көпчүлүккө белгилүү беттеги симметриянын жоголушу, сүйлөөнүн бузулушу сыяктуу белгилеринен тышкары төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл:

  • кан басымынын 220дан жогорулап кетиши;
  • жаак, тил жана манжалардагы сайгылашуу же эч нерсени сезбей калуу;
  • колдордун жакшы иштебей калышы;
  • көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • баш ооруп, көңүл айнуу.

Ошондой эле инсульт болоруна аз калган кишинин башы айланып, кыймыл-аракети өтө жай болуп калат. Айрым учурда айланадагы нерселер көзгө кош кабат болуп көрүнө баштайт.

115
Белгилер:
оору, белги, инсульт
Тема боюнча
Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды
Мужчина считает доллары США. Архивное фото

Сомдун куну түшүп жатканына байланыштуу Улуттук банк 19,6 млн. доллар сатты

0
Сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруу үчүн Улуттук банк сентябрда ушуну менен үчүнчү жолу интервенция жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Улуттук банк жума күнү, 25-сентябрда, рынокко 19 миллион 650 миң доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкынын сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын башынан бери АКШ валютасынын курсу тынымсыз өсүүдө. Бул аралыкта 1,43-1,44 сомго кымбаттады. Учурда акча алмаштыруучу жайларда долларды 79,44 сомдон сатып алып, 79,80ден сатууда.

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

Улуттук банк сентябрь айынан бери ушуну менен үчүнчү ирет интервенция жүргүзүүдө.

  • 9-сентябрда 6,6 миллион доллар сатып, эртеси америка валютасынын куну бир аз түшкөн;
  • 23-сентябрда 11,2 миллион долларды сатыкка чыгарган, бирок ага карабай валюта кымбаттай берди;
  • 25-сентябрда 19 миллион 650 миң доллар сатылды. Бүгүн, 28-сентябрда, курс жума күнкүдөн өзгөргөн жок.

Жыйынтыгында бир айда өлкөнүн башкы банкы 37 миллион 450 миң доллар сатты.

0
Белгилер:
интервенция, доллар, курс, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп