Баткенде дарыгерлер COVID-19га чалдыккандарды үйүнөн көзөмөлдөйт

© AFP / Arturo Holmes / Getty ImagesСитуация в США из-за коронавируса
Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорго Баткен облусунан пилоттук аймак катары Кадамжай району тандалып алынган. Ага эл аралык тажрыйбасы бар дарыгерлер жана атайын эксперттер тартылат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. "Чек арасыз дарыгерлер" долбоору Баткен жана Чүй облустарында коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова аталган долбоордун өкүлдөрү менен жолуккан.

Анда коронавирус илдетине кабылгандарды үйүнөн көзөмөлдөө долбоору Баткен жана Чүй облустарында ишке ашырылары белгиленген.

Адис: коронавируска каршы эмдөө жүрмөйүн экинчи эмес, онунчу толкун да болот

"Долбоорго Баткен облусунан пилоттук аймак катары Кадамжай району тандалып алынган. Бул демилгени ишке ашырууда эл аралык тажрыйбасы бар дарыгерлер жана атайын эксперттер тартылып, илдет менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүлөрү күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Долбоор октябрь айынан ишке киргизилет. Анын мөөнөтү, бюджети айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0