Айлык аз деп айткандан уялгыла! Жээнбеков күч структура өкүлдөрүн зекиди

© Sputnik / Табылды КадырбековРассмотрение дела о возврате партии "Кыргызстан" в предвыборную гонку Верховным судом КР
Рассмотрение дела о возврате партии Кыргызстан в предвыборную гонку Верховным судом КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында өлкө өнүгүшү үчүн коррупция менен күрөшкөн органдардагы коррупцияны жоюу зарылдыгы белгиленди.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч структураларын абийирсиз кызматкерлерден арылууга чакырганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Эмне үчүн соттор, милиция жана прокуратура коррупциялашкан деген суроого "айлык аз" деп жооп беришет. Силер маяна аз деп айткандан уялышыңар керек! Бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган эненин айлыгы беш миң сом. Пенсионерлердин, мугалимдер менен медиктердин дагы айлыгы аз, демек, булардын бардыгы коррупционер болуп кетиши керекпи? Тескерисинче, үйдөгү жарык жана башка төлөмдөрдү дагы пенсионерлер менен жөнөкөй жарандар убагында төлөшөт", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы өлкө өнүгүшү үчүн коррупция менен күрөшкөн органдардагы коррупцияны жоюу зарылдыгын белгиледи.

Жээнбеков: коррупцияга каршы күрөшүүнүн 82 ыкмасы иштелип чыкты

"Көзөмөл органдары "карга карганын көзүн чокубайт" деген принцип менен иштей турган болсо мамлекет оңолбойт", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле коррупциядан арылуу үчүн органдарды санариптештирүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0