Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Элмира Абжапарова. Архивдик сүрөт

МИКтин башчысы ипотекага инвестор табуу үчүн элчилерден жардам сурады

88
(жаңыланган 19:10 17.09.2020)
Абжапарова жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүү үчүн каражат тартыш болуп жаткандыгын белгилеген.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Элмира Абжапарова Кыргызстандын элчилери менен онлайн-конференция өткөрүп, инвестиция тартууга көмөктөшүүнү суранды. Бул туурасында МИКтин маалымат кызматы билдирди.

Анда Абжапарова дипломаттарга кайрылып, жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүү үчүн каражаттын тартыш болуп жаткандыгын белгилеген.

"Бүгүнкү күндө жеңилдетилген ипотекалык насыя алуу үчүн кайрылган алты миңге жакын арыз бар. Аны аткаруу үчүн сегиз миллиард сомдон ашык каражат керектелет. Жыл сайын турак жайга жана үйүнүн шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын саны өсүп жатат. Маалыматтар боюнча андай үй-бүлөлөрдүн саны 166 миңден 250 миңге чейин жетет", — деди МИКтин башчысы.

Ушуга байланыштуу элчилерден ипотека секторуна каражат тартуу максатында инвесторлорду табууга көмөктөшүүнү суранды.

Медиктер менен мугалимдерге мамлекеттик ипотека берилет. Каражат булагы айтылды

Онлайн-конференция МИКтин демилгеси менен Тышкы иштер министрлигинин колдоосунда өттү. Онлайн режимдеги жолугушууну Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев алып барды.

88
Белгилер:
дипломатиялык мамиле, инвестициялар, жардам, ипотекалык насыя
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (62)
Тема боюнча
Абжапарова: 10 пайыз менен каалаган жаран ипотека ала алат
Медиктер менен мугалимдерге мамлекеттик ипотека берилет. Каражат булагы айтылды
МИК жеңилдик менен ипотека алуунун оңой жолун иштеп чыкты
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

40
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

40
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

71
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

71
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео