БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Талас облусунун айылдарына түндө калың кар жаады. Жергиликтүү тургундар кардын видеосун тартып социалдык тармактарга жүктөп жатат.
Авторлор кар Талды-Булак айылында (мурдагы Жылкы завод) жаап жатканын айтып, жолго чыккан айдоочуларга эскертүү беришүүдө. Кадрдан кар калың эле жаап, шамал болуп жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкөдө жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн экенин айтып, шашылыш билдирүү тараткан. Ага ылайык, абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган аял эки кишиге эки жасалма билетти 86 миң сомго саткан.
"Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12-февралына белгиленген. Сатып алгандар анда көрсөтүлгөн убакта аэропортко барып, алданып калганын билишкен. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган Н.Н. аттуу аял үй-бүлөлүү, эки баласы бар экени аныкталды. Ал мындай ишке карызы көбөйүп кетип баргандыгын айткан", — деп жазылат маалыматта.
Учурда алдамчылыктын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн жаш балдары бар экени эске алынып, үй камагына чыгарылган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүн, 1-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү, тагыраагы, аны саат 00:00гө чейин тапшырып жетишип калуу керек. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.
"Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат. Эске салсак, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын жергиликтүү уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчы коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы белгиленди.
"Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз", — деп белгиледи Дүйшекеев.
Мындан сырткары, Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушары күтүлүүдө.
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.