Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлочулар. Архив
Добуш берип жаткан шайлочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК төрагасынын орун басары ошондой эле берилген добушту шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү да биле алабы деген суроого жооп берди.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Шайлоочу кайсы саясий партия же талапкер үчүн добуш бергенин билүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Эске салсак, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Социалдык тармактын колдонуучулары партиялар кимге добуш берилгенин текшере аларын сурап жатышат.

Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама

"Партиялар добуш кимге берилгенин эч биле алышпайт. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо комиссияларында да жок. Шайлоочу кабинага өзү жалгыз кирип добуш берет. Муну эч ким көзөмөлдөй да, текшере да албайт. Мындан сырткары, автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөр добуш берүүнүн купуялуулугун толук камсыздай алат", — деди Бекматов.

Ошол эле учурда шайлоочуларды сатып алгандарга, добушун саткандарга жаза каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0